“АЛЫКУЛ- 110” МААРАКЕСИНИН БАШКЫ КИТЕБИ
- 19.05.2025
- 0
“Алыкул-110” маарекеси расмий эмес, эл арасынан эл аралык деңгээлге чейин ар кандай багытта жана кызыктуу мазмунда уланып жатканы улуу акындын таланты окурмандар чөйрөсүнө улам кеңири таанылып жаткандыгын тастыктайт.
“Кудай деген кишинин эки коногу бир келет” демекчи, Алыкул таануунун алгачкы бороз салуучусу, адабий сынчы, жазуучу КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Шаршенбек Уметалиевдин да кылымдык тоюна даярдыктар Сокулук жергесинде жана илимий-адабий чөйрөдө колго алынууда.
Ал эми КР эл жазуучусу, адабиятчы, окумуштуу-педагог Советбек Байгазиев агайыбыз “Алыкул-110” иш-чарасына идиректүү салымын кошуп “Алыкул Осмонов-кыргыз поэзиясынын чолпону” аттуу адабий-илимий эмгегин акындын күйөрмандарына тартуулап жатканы чоң жаңылык. Анткени эгемендиктин отуз канча жылында мындай маанилүү басылма жарык көргөн эмес.
Демек, бул китепти “Алыкул-110” мааракесинин башкы китеби дегенге толук негиз бар. Улуу акындын чыгармачылыгын терең изилдөөгө алган агайга чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана коомдук ишмердүүлүктүн үзүрүн көрүүсүн каалайбыз. Бар болуңуз, Советбек агай!
Памирбек КАЗЫБАЕВ,
“Алыкул үй-борбору” коомдук бирикмесинин жетекчиси, белгилүү коомдук ишмер
Комментарийлер