АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛЕРИНИН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ ЖӨНҮНДӨ АЙТЫП БЕРДИ

  • 09.06.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Азия-Тынч океан аймагынын билим берүү министрлеринин II конференциясына катышты. Конференция 2022-жылдын 5-июнунан 7-июнга чейин Таиланддын Бангкок шаарында өттү.

Быйылкы конференция “билим берүүнү калыбына келтирүү аны ийкемдүү, актуалдуу жана туруктуу билим берүү тутумуна айландыруу: туруктуу өнүгүү максаттарына (ЦУР 4) карай прогрессин тездетүү 4 — 2030-жылга чейин билим берүү” темасына арналды.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛЕРИНИН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ ЖӨНҮНДӨ АЙТЫП БЕРДИ

Бул конференциянын алкагында Алмазбек Бейшеналиев “Окутуу процессин калыбына келтирүү жана окуу кризисинен чыгуу” (Restoration of learning and overcoming crysis of learning) аттуу тегерек столго катышты.

Билим берүү жана илим министри COVID-19 пандемиясынын шартында Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин ишин уюштуруу тууралуу айтып берди. Тактап айтканда, министрликтин билим берүү ресурстарынын интернет-платформасына токтолду.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛЕРИНИН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАЖРЫЙБАСЫ ЖӨНҮНДӨ АЙТЫП БЕРДИ

Министр ЮНИСЕФ тарабынан даярдалган “COVID-19” мезгилиндеги билим берүү боюнча глобалдык фактылар баракчасында” Кыргыз Республикасы “аралыктан окутууга жетүү боюнча олуттуу прогресске”  жетишкен өлкөлөрдүн бири катары таанылгандыгын белгиледи.

46 өлкөнүн билим берүү министрлери, ЮНИСЕФтин жана ЮНЕСКОнун өкүлдөрү инклюзия, гендердик теңчилик, чоңдорду окутуу, башкаруу жана каржылоо, Азиянын жана Тынч океандын келечеги үчүн билим берүүнү трансформациялоо маселелерин талкуулашты.

Конференция 2022-жылдын сентябрына пландаштырылган билим берүү системасын кайра түзүү боюнча БУУнун саммитине даярдыктын алкагында өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер