«АЛИППЕ — АЛТЫН АЧКЫЧЫМ!»
- 26.06.2020
- 0
Жунусакунова Майрам, Бишкек шаарындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класстар мугалими
(Кечени толук бойдон төмөндөгү видеодон көрүңүздөр)
Мугалим:
Урматтуу ата-энелер!Ардактуу кесиптештер! Биздин сабатыбызды ачып, «А» тамгасын таанытып, билимдин чексиз мейкиндигине алып барар Алиппе китеби менен коштошуу кечесине кош келиңиздер!
1-кыз:
Кымбаттуу достор! Ардактуу агай-эжейлер! Урматтуу ата-энелер!
Биринчи «А» классынын «Алиппе — алтын ачкычым!» аттуу кечесин баштайбыз.
2-бала:
Бүгүн бизде чоң майрам,
Алиппенин майрамы,
Ариптерди үйрөткөн,
Ал — акылдын каймагы!
3-бала:
Отуз алты тамганы,
Жазып, окуй аламын.
Жаңылбастан шар окуп,
«Беш» деген баа аламын.
4-бала:
А» тамгасын тааныдым,
Алиппени ачканда.
«Адептүү болуу максатым» деп,
Ант беремин апакемдин алдында.
5-бала:
Орундатып тилекти,
Окуп бүттүм Алиппени.
Таанып-билип алдым мен,
Тамгаларды жалпы эми!
6-кыз:
Көп тамгалар чогулуп,
Өзгөчө жыйын курушту.
Биринчиликти талашып,
Чырылдашып урушту.
7-бала:
Менин атым «А» тамга,
Эң биринчи турамын.
Түзүп турам ар дайым,
Тамгалардын катарын.
Комментарийлер