АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУЛАРДЫ БИЛЕ ЖҮРӨЛҮ!

  • 30.09.2021
  • 0

30-сентябрда Бишкек шаарында  «Эсимде» долбоорунун алкагында «Кыргызстандагы алгачкы агартуучулар» деген темада семинар уюштурулуп, анда ХХ кылымдын биринчи жарымындагы Кыргызстандын аймагындагы билим берүү жана агартуучулук саясаты тууралуу сөз болду.

Мисалы, Байтөлө уулу Биримкул (1887-1941-жж.) эл агартуу тармагында, чарбалык жана партиялык кызматтарда эмгеги сиңген инсан болгон.
Ал падышалык Россиянын заманында, 1904-1907-жылдары, жаңы тартиптеги медресе-мектепте окуп билим алган. Октябрь революциясына чейин эле 1912-жылы мектеп ачып, балдарга билим берип баштаган. Семинарда совет дооруна чейин мектептер жана билим берүү тармагы кандай болгону, Жадид мектебинин бүтүрүүчүлөрү кимдер, жана алардын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон салымы баса белгиленди.

Семинардын алкагында “Байтөлө уулу Биримкул жана анын доору” аттуу китептин бет ачары өттү.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер