АЛА-АРЧА СУУСУНУН БУЛГАНУУ СЕБЕПТЕРИ ЖАНА ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ. «ЭКОПОСТ»

  • 21.05.2020
  • 0

АЛА-АРЧА СУУСУНУН БУЛГАНУУ СЕБЕПТЕРИ ЖАНА ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ. «ЭКОПОСТ»(Илимий-изилдөө, практикалык иш, 11-класс, география)

Окуучулардын алган билимдерин бышыктоо үчүн атайын бир капчыгай суусун тандап алып, ал суунун булгануу себептерин аныктоо үчүн суунун химиялык жана физикалык курамына экологиялык экспертиза жүргүзүү керек. Ал эми алынган анализдин жыйынтыгына удаа эле суунун курамындагы таштандыларды аныктоо үчүн окуучулар менен чогуу таштандыларга морфологиялык изилдөө кылуу менен биргеликте 11-класстын окуучуларына жана ийримдин катышуучуларына келечекте кесип тандоого экологиялык багыт берүү, экинчи илимий изилдөө, практикалык иш өткөрүуү мектеп жана жогорку окуу жайларына сунуштоо максатында түзүлгөн иштелме.

АЛА-АРЧА СУУСУНУН БУЛГАНУУ СЕБЕПТЕРИ ЖАНА ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ. «ЭКОПОСТ»

Бийик Рыскулов, Бишкек шаарындагы Ленин районуна караштуу №55 жалпы орто билим берүү мектебинин география сабагынын жана Республикалык балдар жана өспүрүмдөрдүн экология, жерин таануу туризм борборунун “Жаш экологдор” ийриминин мугалими.

Сабактын максаттары

Күтүлүүчү натыйжалар

Билим берүүчүлүк: Таанып-билүү аркылуу окуучулар алган билимдерин иш жүзүндө далилдүү маалыматтарды чогултуу менен бышыкташып, илимий-изилдөө, мониторинг жана экологиялык экспертиза жасоого үйрөнүшөт.

Эгерде маалыматтарды туура чогултуу, алынган маалыматты анализдөө, ага мониторинг, экологиялык экспертиза түзүү, каралып жаткан көйгөйдү чечүү жолдорун сунушташса.

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар дүйнө таанымын кеңейтишет, логикалык ой жүгүртө алышат, келечекте кесип тандоосун калыптандырышат.

Эгерде сабакка кызыгуулары артса, дүйнөгө жана таза сууга болгон көз карашы өзгөрсө.

Тарбия берүүчүлүк: Табият менен таттуу мамиледе болууга, топто иштей билүүгө, өз пикирин далилдүү айтууга, бири-бирин сыйлоого, өздөрүнө болгон ишенимди арттырууга тарбияланышат.

Эгерде топто иштөө менен өз пикирин кеңири айтып беришсе, башка пикирди сыйлай билишсе.

Сабактын тиби: Илимий изилдөө практикалык иш (Жаш мугалимдер менен тажрыйба бөлүшүү).

Практикалык иштин жабдылышы: Медициналык кол каптар, медициналык бет каптар, сүрөткө тартууга фотокамера, уюлдук чөнтөк телефон, журнал, калем, дептер, таштандыларга морфологиялык изилдөө кылууга атайын шиштүү таякча, суу алуу үчүн 5 литрлик желим бөтөлгө, жергиликтүү аймак тууралуу жердин планы.

Практикалык иштин усулдары: Өз алдынча иштөө, топтордо иштөө

Сабак аралык байланыш: Табият таануу, химия, физика, биология, гидрология, информатика, математика, философия.

Практикалык иштин жүрүшү:

1-жүз ачаар: (презентация)

Учкул сөз:

Жаратылышты коргоо – демек, Мекенди коргоо” Пришвин М.М.

2-жүз ачаар: (презентация): Көйгөй:

Урматуу балдар, учурда глобалдуу көйгөйлөр абдан көп. М: Абанын булгануусу, топурактын булгануусу, таза суунун булгануусу, таштандылардын чар-жайыт чачылып жатуу көйгөйлөрү жана башка толгон токой орчундуу экологиялык көйгөйлөр бар. Биз “Жашыл-Шаар” уюму буга чейин Гагарин көчөсүндөгү таштандылардын чачылып жатуу себептери жана чечүү жолдорунун үстүндө №1 изилдөө практикалык ишибизди жүргүзгөн болчубуз.

Ал эми бүгүн сиздерге жакында баштаган №2 изилдөө практикалык ишибиз менен бөлүшөлү деп келип турабыз. Биздин тема: “Ала-Арча суусунун булгануу себептери жана чечүү жолдору”. “Экопост” долбоору деп аталат.

3-жүз ачаар (презентация): Максат:

Сабактын максаты тууралуу айта турган болсок

1. Жергиликтүү элдин экобилиминин сабатсыздыгын жоюу.

2. Ар кандай жугуштуу ичеги карын, тери, аллергия ооруларынын өзгөчө ордунун көрсөткүчү жаш балдарда көп катталып жаткандыгын алдын алуу.

3. Таза суунун булгануусунун негизинде жер-жемиштердин сапатынын начар болуп жаткандыгынын түшүнүп, алдын алуу.

4-жүз ачаар (презентация): Булгануусунун себептери:

1. Жергиликтүү элдин экобилиминин сабатсыздыгы.

2. Тейлөө сапатынын начардыгы.

3. Ишембиликтердин жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгы.

4. Коомчулукту тазалыкка үгүттөө иш-чараларынын жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгы.

5. Экопосттордун жоктугу.

5-жүз ачаар (презентация): Морфологиялык талдоо: Видео далил

Ал эми Ала-Арча суусундагы чачылып жаткан таштандылардын курамына морфологиялык талдоо жүргүзгөнүбүздө төмөндөгүдөй тизме аныкталды.

1. Желим бөтөлкөлөрдүн түрлөрү.

2. Полиэтилен таштандыларынын түрлөрү

3. Кийим-кече таштандыларынын түрлөрү.

4. Айнек таштандыларынын түрлөрү.

5. Тамак-аш калдыктары.

6. Медициналык таштандылар.

7. Курулуш таштандылары.

8. Унаа дөңгөлөктөрү.

9. Мончо суулары Ала-Арча суусуна тынымсыз кошулуп жаткандыгына күбө болдук.

10. Жугундулардын Ала-Арча суусуна төгүлүп жаткандыгына жеринен күбө болдук.

11. Күлдөрдүн Ала-Арча суусуна кошулуп жаткандыгына күбө болдук.

12. Чүй дарыясына да жергиликтүү элдердин үйүнөн кошулуп жаткан кайра иштетилген суунун видеосун көргөзүү.

6жүз ачаар (презентация): Кесепети:

Медициналык маалыматтарга ылайык жугуштуу ичеги-карын оорусу делген Е колиинфекция ичеги таякчалары акыркы учурларда жаш балдарда көп каттала баштады.

Дени соо балдарга көбүнчө бул микробдор булганган суу жана андан балдар үчүн жасалган тамактар, идиш-аяк, кир кол, кийим-кечелерден, жалаяктар аркылуу жугууда.

Эгин талаасынында сугат иштеринде булганган суунун негизинде жер жемиштердин сапатынын начар болуусу.

Таштанды полигонунан уулу булганган заттардын Ала-Арча суусуна кошулуусу.

Ала-Арча суу сактагычында таштандылардын массалык түрдө чогулуусунун негизинде балыктардын өлүмгө дуушар болуусу.

Ала-Арча суусундагы экосистеманын бузулуусу.

7жүз ачаар (презентация): ТДС метр-3 аспабы менен Лабораториялык иш: суунун минералдуулугун, суудагы эрибеген катуу заттарды көргөзүү.

8жүз ачаар (презентация): Чечүү жолдору (Сунуш):

Таштандылардын кээ бир түрлөрүн кармап калуу максатында жасалма тосмо “Экопостторду” Ала-Арча суусуна, ошондой эле Аламүдүн, Чоң Чүй каналы, Чүй, Нарын дарыяларына жана Ак-Буура суусуна орнотуу. Массалык түрдө ишембиликтерди байма-бай өткөзүү. Жергиликтүү тургундар, акимчилик ж.б. уюмдар жана мекемелер менен биргеликте ишембиликтерди өткөзүү жана коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында массалык маалымат каражаттарынан жарнамалоо. Жергиликтүү тургундарга экобилим берүүнү жайылтуу.

9жүз ачаар (презентация): Экопостун натыйжалуулугу:

Эгерде экопосторду орното турган болсок, анда сууда агып бараткан желим бөтөлкөлөрдү, полиэтилендерди, пенопласстарды, кийим-кече жана башка таштандылардын түрлөрүн кармап калабыз жана мезгил-мезгили менен тазалап турабыз.

10жүз ачаар (презентация): Корутунду:

Ал эми Ала-Арча суусундагы чачылып жаткан таштандылардын курамына морфологиялык талдоо жүргүзгөнүбүздө төмөндөгүдөй тизме аныкталды.

1 — желим бөтөлкөлөр, 2 — полиэтилен таштандыларынын түрлөрү, 3 — кийим-кече таштандыларынын түрлөрү, 4 — айнек таштандыларынын түрлөрү, 5 — тамак-аш калдыктары, 6 — медициналык таштандылар, 7 — курулуш таштандылары, 8 — унаа дөңгөлөктөрү ж.б. тандылардын түрлөрү аныкталды.

9. Ошондой эле жергиликтүү элдердин үйлөрүнөн чыгып жаткан мончо суулары тынымсыз кошулуп жаткандыгы жана жергиликтүү элдер жугундуларын Ала-Арча суусуна төгүлүп жаткандыгы тууралуу фактылар тасмага түшүрүлүп алынды.

10. Ала-Арча суусунда “е коли” жугуштуу инфекциясынын таякчалары табылды. Өзгөчө е коли инфекциясы Ала-Арча суусунун Чүй дарыясына кошулган жеринде басымдуу.

11жүз ачаар (презентация): Үйгө тапшырма

  1. Башка өлкөлөр суунун булгануусу боюнча кандай долбоорлорду ойлоп тапканына байкоо жүргүзөбүз.

  2. Бир нече өсүмдүктөрдүн курамындагы суунун пайызын таблица түрүндө жазыңыздар.

  3. Ала-Арча суусунун тазалыгын сактоо боюнча өз сунушуңуздарды дилбаян жазуу аркылуу бересиздер.АЛА-АРЧА СУУСУНУН БУЛГАНУУ СЕБЕПТЕРИ ЖАНА ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ. «ЭКОПОСТ»АЛА-АРЧА СУУСУНУН БУЛГАНУУ СЕБЕПТЕРИ ЖАНА ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ. «ЭКОПОСТ»АЛА-АРЧА СУУСУНУН БУЛГАНУУ СЕБЕПТЕРИ ЖАНА ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ. «ЭКОПОСТ»АЛА-АРЧА СУУСУНУН БУЛГАНУУ СЕБЕПТЕРИ ЖАНА ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ. «ЭКОПОСТ»АЛА-АРЧА СУУСУНУН БУЛГАНУУ СЕБЕПТЕРИ ЖАНА ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ. «ЭКОПОСТ»АЛА-АРЧА СУУСУНУН БУЛГАНУУ СЕБЕПТЕРИ ЖАНА ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ. «ЭКОПОСТ»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер