Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мурдагы күйөөсү бычактаган аялдын абалынан кабар алды

  • 25.09.2023
  • 0

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мурдагы күйөөсү бычактаган аялдын абалынан кабар алды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мурдагы күйөөсү бычактаган аялдын абалынан кабар алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, Министрлер кабинетинин башчысын, Жогорку сотту, Башкы прокурорду мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бетин кескилеген аялдын укуктарын сактоону камсыз кылууга жоопкер болгон кызмат адамдарына чара колдонууга чакырат.

Сокулук районунун Селекция айылында болгон үрөй учурган кылмыш — аялдын укугунун өтө оор, болуп көрбөгөндөй бузулган жагдайы болуп саналат.

«Аял бир нече ирет укук коргоо органдарына кайрылып жана мурдагы жолдошу зордуктаганы жөнүндө маалымдаган, ал көмөк, коргоо сураган, бирок ошого карабай өтө оор кылмышка айыпталуучуну үч жылдык мөөнөткө пробация колдонуу менен эркиндикке чыгарып жиберишкен. Сот органдарынын, укук коргоо органдарынын жетекчилиги төбө чачты тик тургузган оор кылмышка жол берген кызмат адамдарына карата катаал чараларды токтоосуз кабыл алууга милдеттүү. Аталган органдардын өздөрүнүн аракетсиздиги, кайдигерлиги менен үрөй учурган кылмышка жол берген ар бир кызматкери жаза алышы керек», — деди акыйкатчы.

Жаманбаева балдарынын энесине мындай мыкаачылык менен кылмыш жасаганы үчүн ал эң оор жаза алыш керектигин белгиледи.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер