“АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИНЕ 6-КЛАССТАРДЫ ТАНДООНУН I ТУРУНА 6 МИҢДЕН АШУУН ОКУУЧУ КАТЫШТЫ

  • 17.05.2024
  • 0

“АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИНЕ 6-КЛАССТАРДЫ ТАНДООНУН I ТУРУНА 6 МИҢДЕН АШУУН ОКУУЧУ КАТЫШТЫ

“Акылман» президенттик лицейинин 2024-2025-окуу жылына карата конкурстук тандоонун 6-класстар арасындагы I туруна 6202 талапкер катышып, анын 3080и II турга өттү.

I турдун онлайн тестирлөөсү 11-майдан 14-майга чейин өткөрүлсө, II турдун тестирлөөсү 20-21-май күндөрү exam.edu.kg сайты аркылуу онлайн форматта төмөндөгүдөй тартипте өткөрүлөт:

* 20-май — Ош облусу жана Ош шаары – 10:00-12:00, Жалал-Абад жана Баткен облусу – 15:00-17:00;

* 21-май – Бишкек шаары жана Чүй облусу – 10:00-12:00, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустары – 15:00-17:00.

Бөлүшүү

Комментарийлер