“АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИНДЕ САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 28.05.2025
  • 0

27-майда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Акылман” президенттик лицейинде 2024-2025-окуу жылынын аякташына байланыштуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Азамат Кадыралиев, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Waldner Holding GmbH холдингинин башкы директору Йохен Фрю катышты.

“АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИНДЕ САЛТАНАТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

Агартуу министри балдарды окуу жылынын аякташы менен куттуктап, “Акылман” лицейинин билим берүү тармагындагы ордун көрсөтүп өттү. “Президент Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен түзүлгөн бул лицей – улуттук жана мамлекеттик баалуулуктарды, келечекти жана түбөлүктүүлүктү камсыз кылган инсандарды тарбиялоого багытталган уникалдуу билим берүү мекемеси”, – деди ал.

Иш-чаранын алкагында чакырылган коноктор лицейдин лабораторияларын, класстарын көрүп чыгышты.

Белгилей кетсек, заманбап лабораториялар (биология, физика, химия, робототехника, маалыматтык технологиялар) жалпысынан 9 класска орнотулган. Бул лабораториялар Германиянын алдынкы Waldner компаниясы менен биргеликте жабдылган.

Бөлүшүү

Комментарийлер