“АКЫЛДУУ ЛИЦЕЙ” ДОЛБООРУ АРАКЕТТЕ

  • 15.07.2018
  • 0
“АКЫЛДУУ ЛИЦЕЙ” ДОЛБООРУ АРАКЕТТЕ

Ийгиликтүү директор Иманкулова Нурисат

Кыргызстанда биринчи жолу Бишкек шаарындагы №98 коммуникация жана интернет технологиялар лицейинде “Акылдуу лицей” долбоору ишке ашырылганы жатат.

Биз барганда Генералдык штабдын жоон топ аскери компьютердик класста компьютердик сабак окуп жатышкан экен. Көрсө, аскер мекемелери Бишкек шаарынан ушул лицейди тандап алып, өздөрүнүн аскер кызматчыларын жиберип, компьютердик сабаттуулук боюнча кыска мөөнөттүк курстан окутуп алышат экен.

Окуу жайды отуз жылдан бери былк эттирбей кармап жетектеп келаткан директор Нурисат Иманкулова эшиктин алдынан мени жайдары маанай менен тосуп алып, андан кийин өзүнүн кабинетинде бир сааттай убакыт лицейдин кечээгиси менен бүгүнкүсүн, жетишкендиктерин айтып түгөтө албай отурду.

 

Амбициялык долбоор

Аталган лицейдин азыркы окуу жайлардын ичинде эң амбициялык долбоорду ишке ашырууга жетиштүү интеллектуалдык кесиптик потенциалы бар. Алдыңкы билим берүүнүн, маалымат технологиялары менен педагогикалык бай тажрыйбанын очогу. Жетиштүү материалдык-техникалык базаны, заманбап башкаруу моделин түзүүгө жетишкен. Компьютердик сабаттуулукту дүйнөнүн 140 өлкөсүндө таанылган  IСDL эл аралык стандартынын деңгээлинде окуткан Бишкектеги саналуу окуу жайдын бири. 2015-жылы Кыргыз өкмөтүнүн сапат боюнча  сыйлыгынын лауреаты болгону жөн жеринен эмес.

“Акылдуу лицей” долбоорунун максаты — окуу жайдагы сапырылган кагаз иштеринин санын азайтып, бүт окуу жана башкаруу процессин электрондук автоматташтырган түргө өткөрүү болуп саналат.

“АКЫЛДУУ ЛИЦЕЙ” ДОЛБООРУ АРАКЕТТЕ

Тажрыйбалдуу мастер, педагог Эркин Усенбаев

“Бизде кагаз иштери көп. Анкета толтургандан баштап отчет, программа, лекциялар баары кагаз. Негизги идея лицейдин ушундай кагаз иштерин азайтып, бүтүндөй электрондук автоматтык түргө көчүрүүдө турат. Маалыматтын айрым  бөлүгү лицейдин өзүнүн гана ичинде ачык болот, айрым бир бөлүгү Интернет аркылуу сыртка дагы ачык болот”, — дейт маалымат технологияларынын мастери Эркин Усенбаев.

 

Эң керектүү кесиптер

Бишкек шаарынын чок ортосунан орун алган бул лицей бүт өлкө боюнча байланыш адистерин 50 жылдан бери даярдап келаткан бирден бир окуу жай катары таанымал. Эгерде совет доорунда телеграф, телефонисттерди даярдап келген болсо, азыркы күндө уюлдук байланыш жана Интернет операторлору үчүн менеджер менен операторлорду даярдап берүүдө.

Лицейди бүткөндөр өлкөдөгү “Кыргыз телеком” ишканасына, почта бөлүмдөрүнө, уюлдук байланыш операторлоруна, интернет-провайдерлерге, кабелдик ТВ провайдерлерине, ошондой эле сулуулук салондору менен чач тарачканаларга ишке барышат.

“Megacom”, “Beeline” сыяктуу уюлдук байланыш операторлору биздин адистерди талашып алып кетишет”, — дейт директор Иманкулова Нурисат.

Азыркы учурда керектөөнүн жогорку деңгээлин эске алып, лицей IT адистерди даярдоонун санын жүздөн эки жүзгө көбөйтүүнү пландаштырууда.

Эмгек рыногундагы эң керектүү башка дагы жумушчу кесиптер боюнча квалификациялуу адистер ушул окуу жайдан окуп чыгып жатат. Алардын ичинде атап айтсак: кабель жана коммутациялык жабдууларды монтаждоо, стационардык жана уюк телефондорду оңдоо, домофондорду, өрттөн сактоо сигнализациясын жана видеобайкоо системаларын орнотуу; маалымат технологияларынын адистери компьютерди жыйноо, компьютердик кабелдерди орнотуу, операциялык системаларды башкаруу, веб-сайттарды программалаштыруу, ошондой эле чач тарач-визажисттер, алтүгүл жаңы системаны түшүнгөн бухгалтерлер дагы ушул жерден окуп чыгышат.

Бир жылдык курсту бүткөндөр көп, ал эми эки-үч айлык кыска мөөнөттүү курска келип окугандар андан да көп. Бүтүн республиканын булуң бурчунан келип эле жатышат.

“Былтыр 1130 кишини окутуп чыгардык. Мурдакы жылы 1060 болгон. Келип атышат, келип атышат”, — дейт директор Иманкулова Нурисат.

Кесиптик деңгээли жогору окутуучулар

Экономиканын реалдуу секторунун өзүнөн келген, өндүрүштө чоң тажрыйба топтоого жогорку тажрыйбалуу адистер сабак беришет. Алардын арасында жогорку окуу жайларынын окутуучулары дагы бар. Көп мастерлер менен окутуучулардын CISCO, ICDL үлгүсүндөгү сертификаттары алардын кесиптик деңгээлин көрсөтүп турат.

Жакшы жабдылган компьютердик үч класста окуучулар продукциялардын дизайндарын иштеп чыгышат, видеороликтерди жасашат, компьютерлердин диагностикасын жана тесттик сыноолорун жүргүзүшөт.

“АКЫЛДУУ ЛИЦЕЙ” ДОЛБООРУ АРАКЕТТЕ

Лицейде сабактардын баары проектор, ноутбук, телевизор, DVD сыяктуу мультимедиалык окуу каражаттарынын жардамы менен өтөт. Уюлдук телефондорду оңдоо жана видеобайкоо системаларын орнотуу боюнча окуу мастерскойлору зарыл болгон тесттик жана ремонттук техникалар менен камсыз болгон. Байланыш адистерин окутуучу мастерской Бишкек шаардык телефон станциясында, ал дагы азыркы техника менен жабдылган.

«Нур-Ай» көркөм галереясы – лицейдеги эстетикалык тарбиянын очогу. Бул жерде атактуу сүрөтчүлөр, жазуучулар, кино ишмерлери жана башка чыгармачыл инсандар менен байма-бай жолугушуулар өтүп турат.

Айтмакчы, лицейде билим алууну каалагандардын жыл сайын көп болуп жатканынын бир себеби анын мектептер менен болгон тыгыз байланышында. Өткөн окуу жылында эле Бишкектин мектептеринде 1500 окуучу ушул лицейдин мастер-класстарын окушту. Демек, бул жерден баштаган ишинин аягына чыгып, толук кандуу кесипке ээ болгусу келген окуучулар лицейге келери турган иш.

К.Чекиров, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер