АКЫЛ ТАЙМАШТА КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ АЛДЫДА

  • 20.12.2018
  • 0

Кыргыз радиосу тарабынан залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата университеттер арасында уюштурулган «Айтматов таануу» интеллектуалдык радио таймашында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун 3-курсунун студенттери 1-орунду утуп алышты.

Таймаштын финалдык оюнуна бул команда Кыргыз улуттук университетинин студенттери менен чыккан. Мелдеш 29-октябрдан баштап ар дүйшөмбү сайын Кыргыз радиосунун түз эфиринде берилип келди. Ага жалпы КМУ, КУУ, БГУ, Эл аралык Кувейт университетинен жалпы 16 тайпа катышты. Тайпалардын курамы үч студенттен туруп, алар үч турда ат салышышты. 1-тур Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окуу болсо, 2-турда өмүр чыгармачылык жолу тууралуу бештен суроого жооп беришти. 3-турда  жазуучунун чыгармаларынан эки тайпага бештен он суроо берилди. Таймаштын шарты боюнча ар бир эфирге экиден команда чыгып, жеңгени кийинки турга жолдомо алып, акырында мыкты делген эки команда ат салышты. 1-орунду алган командага  Ч. Айтматовдун 10 томдугу, 2-орунга «Окурмандын китеп текчеси» 10 томдугу, 3-орунга З. Сооронбаеванын 7 томдугу берилип, 1-2-3-даражадагы дипломдор тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер