АКЫЛ АЙГА ЖЕТКИРЕТ, БИЛИМ КӨККӨ ЖЕТКИРЕТ

  • 01.11.2018
  • 0

Базар-Коргон районундагы №26 “Индиго” мектепке чейинки билим берүү уюмунда  быйылкы “Аймактарды өнүктүрүү жылында” өткөрүлүп  жаткан иш-чаралардын  алкагында  “Мектепке чейинки билим берүү  уюмдарында материалдык-техникалык базасын чыңдоодо жетекчинин ролу жана балдарды окутуу, тарбиялоо, өстүрүү процессинде инновациялык усулдарды колдонуу менен комплекстүү сабак өтүүнүн негизги өзгөчөлүктөрү” деген темада  семинар уюштурулду.

АКЫЛ АЙГА ЖЕТКИРЕТ, БИЛИМ КӨККӨ ЖЕТКИРЕТ АКЫЛ АЙГА ЖЕТКИРЕТ, БИЛИМ КӨККӨ ЖЕТКИРЕТ АКЫЛ АЙГА ЖЕТКИРЕТ, БИЛИМ КӨККӨ ЖЕТКИРЕТ АКЫЛ АЙГА ЖЕТКИРЕТ, БИЛИМ КӨККӨ ЖЕТКИРЕТ

Нургүл Нуралиеванын берген маалыматына таянсак,  №26 “Индиго” бала бакчасы 2015-жылы декабрда үч тайпа менен ачылган. Азыркы учурда Назгүл Парманова жетектеген бакчада 106 бала төрт тайпада тарбияланууда.

— Семинардын катышуучулары алгач бала бакча менен таанышып, андан тышкары ар бир тайпага бөлүнүп, жетектеген топ менен ачык сабактарга күбө болушту. Сабактар аяктаган соң балдар өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүп, ырдап, бийлешти.  Соңунда жалпы бакчанын иштерине анализ берилип, андан ары чыгармачылыктарын жайылтуу керектигин белгилеп өтүштү. Ачык сабактар “эң жакшы” деп бааланып,  бакчанын директору жана тарбиячылары республикалык жана райондук грамотага сунушталды, — дейт Н.Нуралиева.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер