АКТИВИСТ АЙЫМДАРДЫН КОЛДООСУ МЕНЕН 18 ОКУУЧУ ЖРТга АКЫСЫЗ ДАЯРДАНУУДА
- 23.01.2024
- 0
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда активист айымдардын демөөрчүлүгү менен 18 окуучу Жалпы республикалык тестирлөөго даярдоо курсунда окуп жатат.
Маалым болгондой, «Ак-Талаа айымдары» коомдук фондунун колдоосу менен орто мектептерде жакшы окуган жана ошол эле учурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын колдоо максатында Нарын шаарындагы билим берүү жана инновация борборуна жалпы республикалык тестке 11-класстын окуучуларын даярдоо курсуна 18 айылдан бирден окуучу билим алууда.
Ар бир окуучуга аталган фонд тарабынан 4 миң сомдон бөлүнүп берилген.
Г.А., “КБ
Бөлүшүү
Комментарийлер