АКСЫНЫН СЫЙМЫКТУУ АГАРТУУЧУЛАРЫ

  • 11.01.2023
  • 0

Жаңы 2023-жыл Аксы районундагы кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн жакшы жаңылыктын жана зор ийгиликтин жылы болду.

АКСЫНЫН СЫЙМЫКТУУ АГАРТУУЧУЛАРЫ

Өткөн жылдын акыркы күндөрүндө, тактап айтканда, 29-декабрь күнү ушул райондон эки кыргыз тили жана адабияты мугалими Президентибиздин колунан сыйлык алды. Темиркул Үмөталиев атындагы орто мектептен Асылбекова Шайырбүбү «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими» наамын алса, Кадыркул Шеркулов атындагы орто мектептен Чонтаева Сатинбү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланды.

АКСЫНЫН СЫЙМЫКТУУ АГАРТУУЧУЛАРЫ

9-январда эки эмгек каарманы менен райондогу кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жолугушуп, алгач алган сыйлыктары менен куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин айтышты. Андан соң алардын баалуу насааттарын, кеп-кеңештерин угуп, пикир алышып, кызыккан суроолорун беришти. Устат мугалимдер өздөрүнүн ийгиликтеринин сырлары менен бөлүшүп, шакирттерин тынымсыз эмгекке жана жигердүү аракеттерге үндөдү. Жолугушуу жылуу маанайда өттү.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер