АКСЫЛЫК ОКУУЧУЛАРГА ЭКИ КОМПЬЮТЕР, КИТЕП БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ

  • 20.12.2018
  • 0

Аксы районунун Дарак-Дөбө айылындагы Асанбек Кулубаев атындагы мектепке эки компьютердин сертификаты тапшырылды.

АКСЫЛЫК ОКУУЧУЛАРГА ЭКИ КОМПЬЮТЕР, КИТЕП БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ

Маалым болгондой, сертификат Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилди. Ошондой эле Ч.Айтматовдун 10 томдук китеби да тапшырылды.

Буга чейин Дардак-Төбө айылындагы Асанбек Кулубаев атындагы мектептин окуучулары мурунку гараждын имаратында билим алып жатканы, мектепте бир дагы компьютер жоктугу жана дене тарбия сабагында окуучулар көмүрканада кийимдерин алмаштырып келишкени маалымдалган болчу. Мектепте жалпы 167 окуучу билим алат.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер