АКМАТБЕК ЖАМАНБАЕВДИН 90 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ АРНАЛДЫ

  • 30.11.2023
  • 0

М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде техника илимдеринин доктору, профессор Жаманбаев Акматбек Сагыновичтин 90 жылдык мааракесине арналган “Жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу көйгөйлөрү жана көмүрдү кайра иштетүүнүн заманбап технологиялары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

АКМАТБЕК ЖАМАНБАЕВДИН 90 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ АРНАЛДЫ

Аталган конференцияга ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев, КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Толтоев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы С.Назылбеков, КР УИАнын түштүк бөлүмүнүн төрагасы О.Ибраимов, А.Жаманбаев атындагы Жаратылыш ресурстары институтунун директору А.Абидов, УИАнын мүчөлөрү, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана окуу жайдын жалпы жамааты катышты.

АКМАТБЕК ЖАМАНБАЕВДИН 90 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ АРНАЛДЫ

Эл аралык илимий-практикалык конференцияны ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев ачып, куттуктоо сөзүн айтып, Акматбек Сагыновичтин изилдеп кеткен илимий иштердин айрымдары дүйнөлүк аренада көптөгөн илимий ачылыштардын башаты болуп калгандыгын баса белгиледи.

Конференциянын пленардык отурумунда Фергана политехникалык институтунун профессору А.Касимахунова, химия илимдеринин кандидаты, доцент Ш.Джапарова, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин профессору М.Исманов жана КРнын Эл артисти, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Т.К. Жаманбаева баяндама жасады.

Бөлүшүү

Комментарийлер