АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮН МЕЙКИНДИГИ КЕҢЕЙҮҮДѲ

  • 20.01.2018
  • 0

“Ош декларациясы” жана университеттер ортосундагы эки тараптуу келишимдердин алкагында борбор калаанын ЖОЖдоруна аттанып жаткан студенттер 19-январь күнү ректордун кабыл алуусунда болушту.

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТҮН МЕЙКИНДИГИ КЕҢЕЙҮҮДѲ

Жолугушууда ОшМУнун ректору Каныбек Исаков академиялык мобилдүүлүк боюнча жасалып жаткан иштер жана алдыдагы максаттар менен ой бөлүшүп акылы сергек, билимге ынтызар студенттерге ак жол, окууларына ийгилик каалаады.

“Бүгүнкү күндө Ош мамлекеттик университетинен борбор калаанын ЖОЖдоруна жалпысынан 64 студент (АУЦАга – 3, БГУга – 5, КГМга -19, КГУСТАга -3, КНУга – 5, КЭУга -4, КРСУга – 8, И. Арабаев университетине -11, Кыргыз –Түрк “Манас” университетине -6 ) 1 семестр бою окуусун улантууга даярданууда. Андан сырткары ОшМУга “Ош декларациясы” боюнча 30 студенттин келиши күтүлүүдө. Академиялык мобилдүүлүк ички карым-катышты чыңдоо жаңы идея, жаңы максаттардын пайда болушуна өбөлгө түзөт”, – деди ОшМУнун эл аралык мамилелер бөлүмүнүн жетекчиси Семетей Амиралиев.

ОшМУнун 35 студенти ошондой эле Казакстандагы “Эл аралык кышкы мектеп-2018” долбооруна катышат. Ошондой эле жакынкы аралыкта Казакстандын Нархоз, Акдеңиз, Тараз университетине 33 студент академиялык мобилдүүлүктүн алкагында билимин улантууга барышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер