АКАДЕМИЯЛЫК ЭРКИНДИК ЖАНА УНИВЕРСИТЕТТИК АКАДЕМИЯ – ЗАМАНБАП БАШКАРУУДАГЫ БАШКЫ ПРИНЦИП

  • 21.11.2018
  • 0

Академиялык эркиндик жана университеттик автономия түшүнүктөрү бүгүнкү күндөгү билим берүү системасынын негизги, фундаменталдык принциптери. Албетте, муну менен катар эле, аталган принциптерди адекваттуу түшүнүү жана аларды туура интерпретациялоо гана жогорку окуу жайлардын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт, эффективдүү башкарууга жол ачат.

АКАДЕМИЯЛЫК ЭРКИНДИК ЖАНА УНИВЕРСИТЕТТИК АКАДЕМИЯ – ЗАМАНБАП БАШКАРУУДАГЫ БАШКЫ ПРИНЦИП

Тарыхый ретроспектива

Академиялык эркиндик жана университеттик автономия принциптеринин тарыхый тамырын Authentica Habita (Болонья, 1158), жана Parens Scientiarum (Париж, 1231) деп аталган документтерден табууга болот. Ал документтерге ылайык, студенттер жана окутуучулар салыктардын жана алымдардын түрлөрүнөн бошотулуп, ар кандай зордук-зомбулуктардан коргоого алынышкан жана университеттердин окумуштуулук жана квалификациялык даражаларды ыйгаруу укугу таанылган. Ошондой эле университеттердин функциялары, уставы, программалары, кадр саясаты, финансылык каражаттарды жана материалдык-техникалык базаны башкаруу, окуу пландарын иштеп чыгуу жараяндары өздөрүнө тиешелүү экендигин деталдуу түрдө көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда бийлик ээлери тарабынан окуу жайларга өз иш-аракеттери жөнүндө эсеп-кысап берүү милдеттендирилген.

XVIII-XIX кк. билим берүү системасы өтө маанилүү өзгөрүүлөрдү башынан кечирди. Бул өңүттөн алганда эки нерсени белгилеп кетүү абзел. Биринчиси, өз учурунда Наполеон, оккупацияланган аймактардагы университеттерге, эгерде алар француз жогорку билим берүү мекемелеринин сыпатында болсо, кандайдыр бир улуттук системаны киргизүү саясатын жүргүзгөн (1806). Бул аракеттер кийинчерээк бийликтин окуу жайларды көзөмөлдөө аракетине өбөлгө түзгөн. Экинчи маанилүү демилге, Вильгельм Фон Гумбольдт герман университеттерин кайрадан түзүп чыгуу милдетин алган мезгилге туура келет. Вильгельм Фон Гумбольдт биринчи болуп илимий коомчулуктун өзүн-өзү башкаруусу университеттердин өнүгүүсүнө шарт түзөрүн аныктаган жогорку билим берүү концепциясын иштеп чыккан. Ал концепция университеттерди окумуштуулардын корпорациясы, илимий коомчулук катары кабылдайт. Мындай принциптер менен жашаган автономдук университеттерде бирдиктүү окуу планы жана окуу жадыбалы, милдеттүү дисциплиналар деген түшүнүктөр жок болгон. Ал мезгилде аталган принциптер кандайдыр бир деңгээлде утопиялык сезилген болсо, убакыт келип, алар өнүгүүнүн жана академиялык эркиндиктин желаргысы болуп калышты.

Е.А. Вишленкова менен Р.Х. Галиуллина Россияда университеттерди негиздөө мамлекеттин европалашуу жараянынын натыйжасында келип чыккан деп эсептешет. Европалык өлкөлөрдүн мүчөсү болууга тырышкан жана вестерндешип бара жаткан Орус империясы интеллектуалдардын (“адамдардын жаңы породасы”) социалдык катмарына болгон муктаждыкты сезген жана бир канча чараларды көргөн. Бирок, Европа өлкөлөрүндөгү окуу жайлардын айырмаланып, орус университеттери мамлекеттик болгондуктан корпорациянын формалдык гана белгилерине ээ болгон. 1804-жылы өзүн-өзү башкарууну, университеттик автономияны жарыялаган, орус билим берүүсүнүн тарыхындагы эң либералдуу делген Жалпы университеттик устав кабыл алынган. Бирок либералдык мезгил тез эле аягына чыгып, мамлекет реформаларды жана аны менен бирге билим берүүдөгү бардык позитивдүү өзгөрүүлөрдү жыйнаштырган. Е.А. Князевдин сөзү менен айтканда — «мамлекеттин монополиясы жогорку билим берүүнүн катаал саясий негиздеги амбиваленттүү эволюциясын камсыздаган.

Белгилүү болгондой, совет бийлигинин орношу менен, кырдаал этатисттик нукта өнүгүп, университеттик автономия принциптери толугу менен жоюлду, коомчулук жогорку билим берүү системасын көзөмөлдөө функциясынан ажыратылды. Система мамлекеттик буюуртмага негизделип элементардык кесиптик даярдоого гана  багытталган деңгээлге түшүп калды, жана бул салт бүгүнкү күнгө дейре, жок эле дегенде Кыргызстанда уланууда. Демек, Советтер Союзунун  мураскер өлкөсү катары Кыргызстан  азыр деле советтик-россиялык билим берүү системасынын таасиринде/фарватеринде келе жатат.

Университеттин автономиясы жана академиялык эркиндик принциптери жөнүндө түшүнүктөр

Автономия (гр. аvtonomia – көз каранды эместик «самозаконие») түшүнүгү жогорку окуу жайлардын өз компетенциясына кирген маселелерди чечүүдөгү өз алдынчалуулугун билдирет же башкача айтканда университеттин автономиясы бул – жогорку билим берүүнүн милдеттерин чечүүдө зарыл болгон академиялык эркиндиктин институционалдык формасы.

2007-жылдагы Лиссабон декларациясы жождордун автономиясынын төрт түрүн бөлүп карайт: а) Студенттерди кабыл алуу, окуу-методикалык материалдарды жана окуу программаларын иштеп чыгуу, окуу процессин баалоодон тартып, академиялык программалар, даражаларды ыйгаруу, окутуунун багыттарын жана методдорун аныктоо жана процесске киргизүүгө чейинки маселелерди көз карандысыз чечүү мүмкүнчүлүктөрү академиялык автономия деп саналат. б) Уюштуруучулук автономиясы – структуралык түзүмдөрдү негиздөө жана кызматтарды бекитүү, келишимдерди түзүү, кызмат адамдарын жана башкаруучу органдарды шайлоо; в) Финансылык автономия – финансылык каражаттарды табуу жана аны иштетүүдөгү өз алдынчалуулук менен кошо, студенттерди окутуунун акысы жана профицитти топтоо эркиндиги. г) Кадрдык автономия рекрутинг же кызматка алуу, карьералык өстүрүү жана окутуучулук-профессордук курамдын айлык маянасын аныктоодогу өз алдынча саясат жүргүзүү мүмкүнчүлүгү. Ушул жерде бир маанилүү “амалкөйлүк” жаткандыгы жөнүндө айта кетүү зарыл, анткени университеттерди автономдоштуруу боюнча кээ бир европалык өкмөттөрдүн саясатынын артында жогорку билим берүүнү өнүктүрүү машакатын окуу жайлардын өздөрүнө тапшырып, жоопкерчиликтен, эң ириде финансылык жоопкерчиликтен “качуу” аракети да турат.

Университеттердин автономиясын жана академиялык эркиндик принциптерин кеңири талкуулоонун актуалдуулугу Европада Болон процесси башталгандан тарта дагы да күч алды. 1988-жылдын сентябрында европа университеттеринин ректорлору “университеттердин улуу хартиясы” деген документке кол коюшкан.  Хартиянын негизги идеясы боюнча мамлекеттер бүгүнкү күндө динамикалуу түрдө өзгөрүп жана интернационалдашып жаткан коомдо университеттер жана жалпы эле жогорку окуу жайлардын алдыңкы ролун түшүнүүсү абзел. Ошондой эле окуу жайлардын иш-аракеттеринде төмөндөгү принциптер эң негизги: 1. Изилдөө жана окутуу иш-аракеттери ар кандай саясий же экономикалык бийликтен эгемен болуусу. 2. Окутуу жана илим изилдөө иштеринин бир бүтүндүгү, аларды бири биринен бөлүп кароо мүмкүн эместиги. 3. Изилдөө жана окутуу эркиндиги университеттик жашоонун негизги принциби экендиги.

Биздин жогорку билим берүү жөнүндөгү улуттук мыйзамдарыбызда университеттик автономиянын элементтери бар экендигин акыйкаттык үчүн айтып коюшубуз керек, бирок практика көрсөткөндөй өлкөдөгү мыйзам нормалары менен алардын аткарылышынын ортосундагы ажырым дистанцияны көрүп, билип туруп, реалдуу турмушта университеттер автономиянын базалык элементтерине да ээ деп айтуу кыйын. Эң олуттуусу окуу пландарын ишке ашырууда КРнын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген жогорку кесиптик биилим берүүнүн мамлекеттик стандарттарга баш ийүүсү. Билим берүү стандарттары жогорку окуу жайлардын илимий-педагогикалык өкүлдөрүнөн турган окуу-усулдук бирикмелери тарабынан иштелип чыкканы менен, аталган бирикмелер тилекке каршы нагыз академиялык эркиндик принциптерин жайылтуучу институтка айлана алышкан жок.

Ошондуктан бүгүнкү күнү жогорку окуу жайларда аларга карата өз эркин “таңуулаган” жергиликтүү дагы, борбордук дагы бийликтин көңүлүн табуу маселеси бар. Аталган себептерди эске алып жогорку билим берүүнү демократиялаштыруу, децентралдаштыруу жана гумандаштыруу маселелерин көтөрүү жана алардын керек экендигин далилдеп, ишке ашырууга аракет көрүү учурдун талабы деп айтсак жаңылышпастырбыз. Анан да бүгүнкү күндө өлкөдөгү саясий процесстердин позитивдүү нукта өнүгүп бара жаткандыгы жакынкы келечекте академиялык эркиндик жана университеттердин автономиясы принциптерин Кыргызстанда да киргизүү мүмкүнчүлүгү бардыгынан үмүт берет.

Абазбек уулу Расул саясий илимдердин кандидаты, доцент, ОшМУнун дистанттык билим берүү боюнча проректору

 

Бөлүшүү

Комментарийлер