АК-СУУ РАЙОНУНДАГЫ ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ
- 16.11.2023
- 0
Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында Сеит Кульматов атындагы мектептин ачылышы болду. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Билим уясы 320 окуучуга ылайыкташкан. Курулуш иштерине Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан 54 млн сом бөлүнгөн.
Мектептин ачылышына облус башчысы Эмилбек Абдыкадыров катышып, мугалимдерге жана окуучуларга ийгилик каалап, курулушка салым кошкон айрым инсандарга ардак грамота тапшырды.
Ф.К. «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер