АК-СУУ РАЙОНУНУН МЕКТЕБИНДЕ ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА АЧЫЛДЫ

  • 11.01.2023
  • 0

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Мамбет Мамакеев атындагы инновациялык мектеп гимназиясында электрондук китепкана ачылды. Маалыматты «Мамакеев медиа» фейсбук баракчасына жарыялады.

АК-СУУ РАЙОНУНУН МЕКТЕБИНДЕ ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА АЧЫЛДЫ

Китепкананы ачууга билим берүү министрлиги тарабынан 21 персоналдык компьютер (эмеректери менен), алты проектор, эки коммутатор, бир үзгүлтүксүз электр энергия булагы жана бир көп функционалдуу принтер (принтер+копир+сканер) берилген.

Мындай техниканы Ак-Суу району боюнча 21 мектеп алды.

АК-СУУ РАЙОНУНУН МЕКТЕБИНДЕ ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА АЧЫЛДЫ

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлигинин “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында өлкөдөгү 1200 мектепке компьютердик жабдуулар берилип жатат.

Фархат Каныбеков «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер