“АК ШООЛА” БАЛДАР ТОБУ “СТАМБУЛ” ЭЛ АРАЛЫК СЫНАГЫНДА БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ

  • 18.11.2020
  • 0

“Ак Шоола” балдар тобу Түркия өлкөсү тарабынан уюштурулган бий, музыка, көркөм өнөр боюнча “Стамбул” эл аралык сынагында баш байгени жеңип алды. Аталган сынак 4-5-ноябрь күндөрү онлайн форматта өтүп, ага 15 өлкөдөн 103 видео жана 300 бала  катышкан. Бул тууралуу “Ак шоола” балдар хорунун жетекчиси Гүлмира Эсенгулова билдирди.

“Стамбул” эл аралык сынагы 3 номинация (аспапта ойноо, бий, вокал) боюнча өтүп, “Ак Шоола” балдар тобу “аспапта ойноо” номинациясында катышкан.

“АК ШООЛА” БАЛДАР ТОБУ “СТАМБУЛ” ЭЛ АРАЛЫК СЫНАГЫНДА БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ “АК ШООЛА” БАЛДАР ТОБУ “СТАМБУЛ” ЭЛ АРАЛЫК СЫНАГЫНДА БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ

Сынакта “Ак Шоола” тобунун балдары Адилет Мыктыбеков(пианино), Акжол Шабданалиев(комуз) жана Альбина Бөрүбаева(скрипка), Турдубек Чокиевдин “Кыз куумай” фортепиано, скрипка жана комуз үчүн жазылган трио чыгармасын аткарышкан.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер