АК-МОЮН АЙЫЛЫНДАГЫ ОРТО МЕКТЕПКЕ ЖАҢЫ КОМПЬЮТЕРДИК КЛАСС АЧЫЛДЫ
- 14.11.2023
- 0
Ат-Башы районундагы А.Койчуманов атындагы мектепке Билим берүү жана илим министрлигинен беш даана ноутбук, ЮНИСЕФ аркылуу 12 компьютер берилди.
Мектептин директору Султангазы уулу Бекболоттун айтымында, мектепке жалпысынан ЮНИСЕФ аркылуу 12 даана компьютер, Билим берүү жана илим министрлигинен беш даана ноутбук алынып келинген.
— Ноутбук, компьютерлердин келишине бирден бир себепчи болгон информатика сабагынын мугалими Асанова Таалайкүлдүн эмгеги зор экендигин баса белгилеп кетүүбүз керек. Себеби информатика мугалими Асанова Таалайкүл буга чейин окуучулардын бир катар байгелүү орундарды камсыз кылып келген, — дейт жетекчи.
Бүгүнкү күндө мектеп директору Султангазы уулу Бекболот мектепти оңдоо- түзөө иштери болуп жаткандыгына токтолду.
— Республикалык бюджеттин эсебинен 1 млн сомго 125 чарчы метр терезе, Өнүктүрүү фондунан 3 млн сомго 320 чарчы метр терезе, ал эми 3 млн 200 миң сомго АРИС тарабынан түйүндөрдү жаңыртуу боюнча коммуналдык жайларды (ажаткана ж.б) оңдоо иштери жүрүүдө, — дейт директор.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер