АЙЫЛДЫК ОКУУЧУЛАР АНГЛИС ТИЛ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КЕМБРИЖ КҮБӨЛҮГҮН АЛЫШТЫ

  • 26.07.2018
  • 0

«Англис тили 7 айда»китебинин автору  Шайлообек Назаралиев айыл окуучуларына жаңы,  заманбап ыкмада англис тилин үйрөтүп,  ал тургай алдыңкы окуучуларды, алардын   педогогдорун оз каражатынан Кытай, Түркия жана араб өлкөлөрүнө алып барып, алдыңкы окуу- тарбия иштери менен тааныштырганы жөнүндө биздин гезит өз учурунда жазган эле.

Жакында дагы бир жакшы жаңылык болду.  Кыргызстанда алгачкы жолу Ш.Назаралиев даярдаган  айыл окуучулары,  атап айтканда Ноокат районунун Жийде, Алашан, Бел-Орук, Арал, М.Гапаров  атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары Гүлзада Аскар кызы,Ширин Чыңгызалы кызы, Гүлназ Мурат кызы, Нурсайкал Солтонбек кызы,  Айсалкын Алтынбек кызы,Ташполотов Бекболот  атактуу Кембридж университетинин англис тил  департаментинин сынагынан өтүп, дүйнө жүзү боюнча 16 миңден ашуун окуу жай, мекеме-ишканалар тааныган сертификатка ээ болушту.

АЙЫЛДЫК ОКУУЧУЛАР АНГЛИС ТИЛ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КЕМБРИЖ КҮБӨЛҮГҮН АЛЫШТЫ

“Университеттин дипломунан  артык турган мындай күбөлүктү республикада бир да окуу жай бере албайт. Эгер биз ушундай евростандарттагы билим деңгээлине умтулсак, Кыргызстандын келечеги чоң болот деп ишенсек болот”,-дейт Шайлообек Назаралиев.

Бул окуучуларды даярдоодо жакындан жардам көрсөткөн мугалимдер Б.А.Эргешова, М.Ш.Матаипова айылдык мугалимдердин да колунан көп иш келе турганын далилдеп, алардын потенциалы чоң экенин көрсөтүштү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер