АЙНУРА АСКАРОВА, КР ЖКнын ДЕПУТАТЫ: “МЕКТЕПТЕРДИН КУРУЛУШУ ПЛАНДУУ, СИСТЕМАЛУУ ЖҮРБӨЙ ЖАТАТ”

  • 12.02.2020
  • 0

“Кыргызстан” фракциясынын депутаты Айнура Аскарова депутаттык мандатын алганына аз гана убакыт болсо да, ал алыскы региондорду түрө кыдырып, жеринен көйгөйлүү маселелерди өз көзү менен көрүп, аны ЖКнын жыйынына алып чыгып, чечкенге аракет көрүп келатат. Мугалимдин үй-бүлөсүндө чоңойгон эл өкүлүн өзгөчө билим берүү тармагындагы көйгөйлөр тынчсыздандырат. Андыктан ал жан дили менен бул системага көбүрөөк көңүл бөлүүдө.

АЙНУРА АСКАРОВА, КР ЖКнын ДЕПУТАТЫ: “МЕКТЕПТЕРДИН КУРУЛУШУ ПЛАНДУУ, СИСТЕМАЛУУ ЖҮРБӨЙ ЖАТАТ”

  • Айнура Алмасбековна, депутат болгонуңузга аз гана убакыт болсо да, социалдык курч маселелерди ЖКнын жыйынында кабыргасынан коюп, чечкенге аракет кылып келатасыз. Бизди, албетте, билим берүү тармагындагы кемчиликтер, ийгиликтер кызыктырат. Кайсы региондогу мектептердин абалы менен таанышып келдиңиздер? Жыйынтыгы эмне болду?
  • Эң биринчи маселе – бала бакчалардын, мектептердин жетишсиздиги. Эл өкүлү болгонума аз убакыт болду, бул аралыкта Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарын кыдырып, жеринде болгон маселелерди көрүп келдим. Мектептер мышык ыйлай турган абалда. Мектептердин курулушу пландуу эмес. Айрым жерлерде калкы аз болсо дагы чоң мектеп курулуп башталып, бюджеттик каражат жок болгондугуна байланыштуу токтоп турат. Ал эми айрым айылдарда калк жыш жайгашып, мектеп авариялык абалда, тыянак чыккан, окуучулар ар кайсы жерде эптеп окуп жатышат, бирок курулуш баштала элек. Жалпы билим берүү системасындагы системалык иштин жүрбөгөнүн көрдүм. Мен, менин кесиптештерим дагы бир нече жолу жыйында айттык, мектепти курууда ириде приоритет болуш керек, анан сөзсүз өкмөт мониторинг жүргүзүшү зарыл. Жашырганда эмне, айрым курулуштар лобби болуп кеткен. Бирөө катуу кыйкырып, талапты койсо  ошол жерге барып, мониторинг жүргүзбөй туруп, чоң суммадагы каражат бөлүп, чоң мектепти баштап коюшкан. Аныгында ошол мектептен билим ала турган окуучулардын саны 100гө жетпейт. Ал жерге канча орундуу керек, калктын талабы кандай, кандай типтүү мектеп керек, дегеле изилденбей туруп, килейген мектепти салып салган учурларды көргөндө жүрөк ооруйт. Ошон үчүн, биринчи кезекте приоритетти авариялык мектептерге, экинчиси — таптакыр мектеби жок болуп калган калктуу конуштарга бергиле деп өкмөткө улам-улам айтып атып, эми приоритет берүүнүн үстүндө алар иштеп жатышат. Албетте, титулдук тизмеге  биринчи иретте авариялык мектептер кириши керек.
  • АЙНУРА АСКАРОВА, КР ЖКнын ДЕПУТАТЫ: “МЕКТЕПТЕРДИН КУРУЛУШУ ПЛАНДУУ, СИСТЕМАЛУУ ЖҮРБӨЙ ЖАТАТ”

Талас облусун кыдырганда  — Талас районундагы Эсенбеков атындагы мектепте 528 окуучу муздак мектепте билим алууда. Жылуулук системасы иштебейт, балдар пальточон, курткачан отурушат, класстын ичинде 10 градустай суук экен. Ал жерде алты саат окумак турсун, мен жарым саат чыдабай кеттим.  Бул мектептин жанында жаңы имараттын курулушу түшкөн,  18 млн. сом каржыланбай, бүтпөй, курулушу чачылып жатат. Биз 528 баланын ден соолугун тобокелге салбай карашыбыз керек. Дагы бир мисал, Чүйдөгү Т.Оңолбаев атындагы мектеп авариялык абалда. Биз кыдырган мектептерде жөпжөнөкөй эле ремонт, шарт жок, керек болсо акыркы муундагы компьютер жок экен. Азыркы заманда мектепти компьютерсиз, планшетсиз элестетүү кыйын го.

АЙНУРА АСКАРОВА, КР ЖКнын ДЕПУТАТЫ: “МЕКТЕПТЕРДИН КУРУЛУШУ ПЛАНДУУ, СИСТЕМАЛУУ ЖҮРБӨЙ ЖАТАТ”

АЙНУРА АСКАРОВА, КР ЖКнын ДЕПУТАТЫ: “МЕКТЕПТЕРДИН КУРУЛУШУ ПЛАНДУУ, СИСТЕМАЛУУ ЖҮРБӨЙ ЖАТАТ”

АЙНУРА АСКАРОВА, КР ЖКнын ДЕПУТАТЫ: “МЕКТЕПТЕРДИН КУРУЛУШУ ПЛАНДУУ, СИСТЕМАЛУУ ЖҮРБӨЙ ЖАТАТ”

Дагы бир нерсени байкадым, шаар менен айылдын ажырымын. Шаарда жеке мектептердин ичинен мектеп тандасак, айылда шарт тандайт. Шаарда кайсы мектеп жакшы деп жанталашсак, шарт деген экинчи-үчүнчү кезекте турат. Айылда  жөнөкөй эле шарт керек. Отто Бисмарктын: “Эгерде биз мектеп курбасак, эртең түрмө курабыз” деген сөзүн унутпасак.

  • Жөнөкөй шарт демекчи, былтыркы Жалпы республикалык тестирлөөдө алыскы айылдарда жайгашкан мектептин окуучулары шаардык окуучулардан да алдыга суурулуп, жогорку балл алышты. Бул мектептерде деле компьютерлер жетишпейт, бирок билим сапаты жогору экенин тастыктама деп түшүнөбүзбү?
  • Буга толук кошулам. Себеби дегенде бул маселени терең карашыбыз керек. Айылда балдар интернеттен алысыраак. Шаардагы чоң көйгөй, балдарды интернеттен, компьютерден алыстата албай жатабыз. Шаардык окуучулар китеп окубай калышты. Ал эми айылда болсо союздун маалындагы мугалимдерибиз кайсы бир денгээлде сакталып калган, кайсы бир методикалар бар. Негизи эле адам канчалык оор шартта кыйынчылыкты көбүрөөк көрсө, күрөшүүсү да, изденүүсү да ошончолук жогору болот. Дагы бир фактор бар – айылдын абасы, жашоо шарты, айлана-чөйрө деле адамды чыйрак болгонго тарбиялап коет. Бекеринен “Ааламга жол айылдан башталат” деп айтылбаса керек. Атаандаштык айылда күч болушу мүмкүн.
  • Жолугушууларда мугалимдер кайсы маселелерди көтөрүп жатышат?
  • Мугалимдердин эң чон көйгөйү — эмгек акынын аздыгы. Экинчиси – мугалимдин статусу. Отуз жылдын ичинде мугалимдин статусун ушунчалык төмөн түшүрүп, тебелеп алдык. Кичинекей кезибизде “мугалим болом” деп сыймыктуу айтчубуз. Азыркылар аны айтышпайт. Менин чоң атам, апам дагы мугалим болушкан. Бул статусту мен абдан жакшы билем жана бул кесипти жакшы түшүнөм. Мугалимдердин статусун жогорулатышыбыз керек. Статус да айлыкка, социалдык шартка барып такалып жатат. Дипломдуу мугалимдердин айлыгын жогорулатууда өкмөт жакшы кадам жасап, жогорулатты. Бирок дале мыйзамдык коллизиялар, мүчүлүштүктөр көп. Айлык акыны эле жогорулатып койбой, аларга шарт түзүп берүү керек. Мугалимдерге турак жай салынышы зарыл. Мугалимдин айлыгы аз, үйүндө каражат жетишпей жатса, ал кантип сапаттуу билим бере алат?! Дагы Кыргызстандын мугалимдеринин эрки күчтүү болуп, балдарды талыкпай окутуп келатышат.
  • АЙНУРА АСКАРОВА, КР ЖКнын ДЕПУТАТЫ: “МЕКТЕПТЕРДИН КУРУЛУШУ ПЛАНДУУ, СИСТЕМАЛУУ ЖҮРБӨЙ ЖАТАТ”

Үчүнчү маселе – ата-энелер менен мугалимдердин ортосундагы дисбаланс же жоопкерчиликтин, түшүнүүчүлүктүн жоктугу. Кийинки күндөрү мугалимдерди чаап, уруп ийип, басмырлаган сөздөрдү айткан фактылар көп катталууда. Биз мындай тартипсиздикке  жол бербешибиз зарыл. Мугалимдин жоопкерчилигин, ошол эле маалда ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүү маселеси күн тартипте турат. Мугалим менен ата-эненин жоопкерчилигин даана, так бөлүшүбүз керек. Бизде мугалимдин статусу боюнча мыйзам бар, бирок ата-эненин жоопкерчилиги жөнүндө мыйзам жокко эсе. Маселен, кошуна өлкөлөрдө “Ата-энелер жөнүндө” атайын мыйзам бар, анда ата-эне эмнеге укуктуу, эмнеге укугу жок деген маселе толук камтылган.

АЙНУРА АСКАРОВА, КР ЖКнын ДЕПУТАТЫ: “МЕКТЕПТЕРДИН КУРУЛУШУ ПЛАНДУУ, СИСТЕМАЛУУ ЖҮРБӨЙ ЖАТАТ”

Бир класста 40 баланы эптеп окутуп жаткан мугалимге ыраазычылык айткандын ордуна, аны барып чаап, басмырлап, келекелеп кетип, бул жакшы нерсеге алып барбайт. Өкмөт аздыр-көптүр бул жагынан иштерди көрүп, өзүнүн программаларына киргизип жатат. Биз мыйзамды иштетишибиз керек.

АЙНУРА АСКАРОВА, КР ЖКнын ДЕПУТАТЫ: “МЕКТЕПТЕРДИН КУРУЛУШУ ПЛАНДУУ, СИСТЕМАЛУУ ЖҮРБӨЙ ЖАТАТ”

  • Дагы бир маселе, санариптештирүү жылы деп эле айрым мектептерде класстарга чейин видеокөзөмөл орното башташты. Бул мугалимдин билим берүүсүнө тоскоолдук кылып жатканы айтылууда. Сиздин пикириңиз кандай?
  • Видекөзөмөл деген мамлекеттин, үй-бүлөнүн, мектептин, албетте, окуучунун коопсуздугу. Бала сабакка канчада келди, канчада кетти, айлана-чөйрөсүндө эмне болуп атат ж.б.у.с. аныктоочу фактор болуш керек. Бирок ал мугалимдин билим берүү сапатын, ыкмасын, методикасын аныктоочу фактор болбош керек. Биз мугалимдерди беш жыл окутуп, анан кайра дагы билимдерин жогорулатып жатпайбызбы.  Видеокөзөмөл койсок, канчада келди, канчада кетти менен гана чектелсек,  мугалим болом деген умтулуусу, эркиндиги каякка кетет? Өзүмдүн ата-энемден улам билем, жүрөгүнүн түпкүрүндө ар бир мугалим гумандуу. Гумансыз адам мугалим боло албайт. Ошол гумандуулукту биз эмнеге тебелешибиз керек? Шарт түзүп бералбаганыбыз, айлыгын көтөрө албаганыбыз, статусун жогорулата албаганыбыз аз келгенсип, эми ага видеокөзөмөл коюп, анын жүрүм-турумун аныктоочу фактор катары кароо, менимче, туура эмес. Эгерде мугалимдин жүрүм-турум факторун киргизем десе, анда ошол мектеп директору мугалим менен контракт түзүү механизмин киргизсин, да жүрүм-турумун аныктай берсин. Биз мугалимдин билим берүү сапатына көп көңүл бурушубуз керек. Дагы бир мисал айта кетейин, кечээ жогорку окуу жайдын окутуучулары кагаз иштерибиз абдан көп,  “скриншот кылгыла, сабак өткөнүңөрдү толтургула деп байлап койду, билимдин артынан куубай эле, бюрократиялык кагаз толтуруу менен алекпиз” деп нааразы болушту.  Өткөн сабагын скриншот кылуу — мугалимдин деңгээлин аныктоочу механизм эмес. Мугалимдин иши окуучуларынын жергиликтүү, эл аралык олимпиадада, кароо-сынактарда көрсөткөн ийгиликтери менен ченелет. Бюрократиядан алысыраак качып, көйгөйдү фундаменталдык караганга үйрөнүшүбүз керек. Ар кайсы ыкманы киргизип, жакшыртуунун факторун издегенибиз – ушул күнгө чейин бирдиктүү стратегиянын, методиканын, багытыбыздын жоктугу. Методика эмне үчүн жок, стратегия жок, стратегия эмнеге жок, анткени идеологиябыз жок, баары чиелешкен чынжырдай. Идеологиянын бирден бир куралы – билим. Системалык кризиске кептелип, анын азабын эми тартып жатабыз. Бала бакча болобу, мектеп болобу, жож болобу, жалпыга бирдиктүү методиканы багыттама же сунуштама кылып койсок,  жок дегенде ошонун айлана-тегерегинде билим өсүшү болот. Мисалы, мектепте бир мугалим бир китепти берет, экинчиси башка автордукун берет. Анын мониторинги жок, кайсы китеп заманга ылайык туура келет?
  • Өзбекстанда Мектепке чейинки министрлик уюштурулду. Бизде деле ушундай кылса болот беле?
  • Албетте, болмок. Билим башаты, дегеле адамдын инсандык калыптануусу бала бакчадан башталат. Бул пайдубал. Мындай тажрыйба көп өлкөлөрдө бар. Министрлик болбосо да Департамент катары иштейт. Бизде болсо айланып келип эле, баягы экономика чабалдыгыбызга, бюджетибизге байланыштуу. Билимге салган инвестиция сегиз эсе актайт экен. Дүйнөлүк банк байлыктардын структурасын аныктаганда материалдык байлык – 17%, билим байлыгы – 77% түзөт экен. Демек, кризистен билим гана чыгарат. Билим менен гана атаандаштык кылалабыз.
  • Дагы бир маселе, Бишкек шаарында жамгырдан кийинки козу карындай компьютердик оюндардын жайнап кетиши. Ушулардын иштөөсүнө чек койсо болобу?
  • Абдан туура суроо бердиңиз. Чек коюуга болот. Мыйзамдык нормасын иштеп чыгуубуз керек. Көбүнчө өспүрүмдөр барып, компьютер оюндары менен ооруп жатышат. Ал ар кандай зордук-зомбулукка түртүп жатат.
  • Быйылкы жыл өзгөчө жыл эмеспи — балдарды коргоо. Бул жаатында эмне иштер жүргүзүлөт?
  • Балдар быйыл өзгөчө камкордукка алынат деп Өкмөт өз пикирин билдирүүдө. Алар үчүн быйыл көп шарттар түзүлөт. Негизгилерден болуп 100 балдар борбору өлкө аймактарында ачылат жана балдар үчүн социалдык тейлөөлөр жакшырат деп өкмөт өз позициясын билдирди. Мектепке чейинки билим берүүгө жаңы программалар киргизилмекчи деп атышат. Албетте, бул абдан жакшы көрүнүш. Бирок, көйгөй толтура экенин моюнга алуубуз керек. Айрыкча, балдар арасындагы зордук-зомбулук күчөп кетти. Окубай жүргөн, кароосуз калган балдар андан көп. Бала бакча жетишсиз.

Алсак, Чүй районуна караштуу Чоң-Жар айылында  мурда бала бакча болгон эмес экен. Ошондон улам 60 орундуу бала бакча  пайдаланууга берилди. Тилекке каршы, 200дөй бала бакча менчиктелип кеткен, айрымдары кайтарылды. Көбү кайтарылбай турат.

АЙНУРА АСКАРОВА, КР ЖКнын ДЕПУТАТЫ: “МЕКТЕПТЕРДИН КУРУЛУШУ ПЛАНДУУ, СИСТЕМАЛУУ ЖҮРБӨЙ ЖАТАТ”

— Келечектеги пландарыңыз?

— План көп. Социалдык көйгөйлөр көп. Ата-энелер жоопкерчилигин камтыган норманы киргизүүбүз керек.  Мугалимдин статусун дагы жогорулатышыбыз керек. Интернаттарда, жетим-жесирлер үйлөрүндө иштеген тарбиялануучулардын абалы өтө кейиштүү абалда. Ал деле мугалимдин ролун аткарып атат. Ооруп, баспай калган кары-картандарды, балдарды өз балдарынан артык кылып карашат. Айлыктары эки жолу базарга барып келгенге жарайт. Мындан сырткары, экология бузулду. Айрыкча борбор шаардын абасы дем алууга мүмкүн болбой калды. Экологиялык нормаларды да комплекстүү кайра карашыбыз керек. Аба булганып, бузулуп, депрессия, стресстен оорукчан балдардын төрөлүшү көбөйүп жатат. Кичинекей балдар кант диабети, онкологиялык менен ооруп жатышат. Миграциянын азабынан белгисиз балдар төрөлүп, Кыргызстанга жөнөтүп жатышат. Ошолорго өзгөчө көңүл бурсам дейм.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер