АЙМАКТАРДАГЫ 30 МЕКТЕПТЕР АТАЙЫН ЭМЕРЕКТЕР ЖАНА ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ЖАБДУУЛАР МЕНЕН ЖАБДЫЛДЫ

  • 22.11.2018
  • 0

Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги инновациялык мектептерди түзүү жана аларды өнүктүрүү аркылуу мектептердеги билим берүүнүн жана окутуунун сапатын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат. Бул инновациялык мектептер билим берүүнүн жаңы стандарттары менен окутуу, жаңы технологияларды билим берүү процессине тааныштыруу жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн эксперименталдык аянтча катары кызмат көрсөтүшөт.

АЙМАКТАРДАГЫ 30 МЕКТЕПТЕР АТАЙЫН ЭМЕРЕКТЕР ЖАНА ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ЖАБДУУЛАР МЕНЕН ЖАБДЫЛДЫ

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Азия өнүктүрүү банкы каржылаган «Секторду өнүктүрүү, билим берүү системасын бекемдөө» долбоорунун алкагында мектептер атайын эмеректер жана лабораториялык жабдуулардын 300дөн ашуун түрү менен жабдылышты. Математика жана табигый илимдер сабактарын окутуу үчүн лабораториялык жабдуулардын ичинде люксметрлер, телескоптор, рефракторлор, жылдыздардын картасы, микроскоптор жана башкалар бар. Мугалимдер үчүн мултимедиа жабдуулар жана компьютерлер орнотулду. Мындан тышкары, бул мектептер көрсөтмө куралдар, муляждар, көрсөтмө моделдер жана химиялык реактивдер менен камсыз болушту.

АЙМАКТАРДАГЫ 30 МЕКТЕПТЕР АТАЙЫН ЭМЕРЕКТЕР ЖАНА ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ЖАБДУУЛАР МЕНЕН ЖАБДЫЛДЫ

Табигый-илимдер багытындагы класстарда жана лабораторияларында оңдоп-түзөө иштери аткарылды (химия, биология, физика, география, информатика).

АЙМАКТАРДАГЫ 30 МЕКТЕПТЕР АТАЙЫН ЭМЕРЕКТЕР ЖАНА ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ЖАБДУУЛАР МЕНЕН ЖАБДЫЛДЫ

Мугалимдер жана мектеп жетекчилери үчүн бир канча окутуу иштери өткөрүлдү. 30 инновациялык мектептердин жетекчилери жана предметтик мугалимдердин арасынан тренерлер даярдалды жана ал тренер-мугалимдер башка мугалимдер менен билим берүүнүн жаңы стандарттары боюнча маалыматтарды бөлүшүшөт.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер