АЙБИЛИМДИН ИШИН ИЛГЕРИЛЕТКЕН МУГАЛИМ

  • 28.12.2018
  • 0

Учурда Айбилим мультимедиалык комплекси 60 пилоттук мектепте колдонууга берилди. Башталгыч класстардын мугалимдери менен окуучуларына арналган бул кошумча мультимедиалык комплекстин түзүүчүлөрүнүн катарында тажрыйбалуу педагог, SOS Герман Гмайнер окуу-тарбия комплексинин башталгыч класстар мугалими, Билим берүүнүн мыктысы Жаңылкан Каримова да бар.

 АЙБИЛИМДИН ИШИН ИЛГЕРИЛЕТКЕН МУГАЛИМ

Өмүрүнүн отуз беш жылын жалаң жаш муундарга билим берүүгө арнаган Жаңылкан Каримова борборубуздагы SOS Герман Гмайнер окуу-тарбия комплексинде бул окуу жай түптөлгөн  күндөн тартып эмгектенет.

Журналист катары бул мектепке ар бир барышымда эне тилинде так, таза сүйлөгөн балдар-кыздарды көрүп, ар убак суктанып кайтам. Гмайнердин окуучуларынын мектеп босогосун аттаган ким болбосун: «Саламатсызбы, агай!», «Саламатсызбы, эжей!», — деп учурашканы бөтөнчө! Кыргыздын таалимине сугарылган бул сөздөргө жүрөк жылыйт. Албетте, ошол окуучулардын арасында  Жаңылкан эжейдин тарбиялануучулары да бар.

Быйылкы окуу жылында Жаңылкан Каримова 2-«а» классына жана даярдоо классына сабак берет.

— Азыркы балдардын кабыл алуусу башкача. Маалыматты  өз алдынча чогулта алышат. Мунун баары илимий-техникалык прогресстен улам  болууда деп ойлойм, — дейт ал окуучулары тууралуу.

Кандай усул-ыкмаларды колдоноорун сурасам, балдарды сабакка кызыктыруу, билимдерин бышыктап, өркүндөтүү максатында, кызыктуу, ар тараптуу материалдарды топтоп, класстагы окуучулардын кабыл алуусуна, өздөштүрө алуусуна  карата ылайыктап берүүгө аракет кыларын,  өзгөчө кайтарым байланышка маани берерин айтты.

— Ар бир сабагыма даярданам. Мисалы, даярдоо классында окуучулардын  жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша,  кошумча материалдарды башка адабияттардан, интернеттен издейм, — деп жооп берди педагог.

Тажрыйбалуу мугалимдин  балдарды окутууда упай системасын колдонгону колго аларлык саамалык экен.

— Даярдоо классында баа коюлбайт.  Гумандуу педагогика да ушуну айтат. Мен упай системасын колдоном. Ар бир окуучу  аткарган ишине карап белгилүү бир упайлар менен бааланат. Упай системасы баланы гана эмес, анын ата-энесин да көптү үйрөнүп-билүүгө кызыктырат. Бул  кайтарым байланыштын да эң мыкты формасы, — деди өз табылгасы тууралуу чыгармачылык менен изденип иштеген мугалим.

Мен  балдар табиятын  түшүнгөн мугалим балдарды тажатпаганга аракет кыларын байкадым. Күнүмдүк сабагында  бир аз окутуп, бир аз жаздырып, арасында бир аз ойнотконго да жетишет.

— Башталгыч класстарда «Ойноп, окуйбуз» деген принципке маани берилет. Бир орунда жылдырбай отургузганга да болбойт. Бала организми мүнөт сайын  өсүп турат, — деп түшүндүрдү мага Жаңыл эжей.

Дасыккан педагогго быйыл даярдоо классы ишенип берилген.

АЙБИЛИМДИН ИШИН ИЛГЕРИЛЕТКЕН МУГАЛИМ

— Мага даярдоо классы менен иштеген да жагат.  Дайыма изденүүнү талап кылат, түйшүктүү да келет. Ошентсе да, балдар дүйнөсү кызыктуу. Дагы бир жакшы жагы, даярдоо классында билим алган жаш бөбөктөр 1-класска кирген кезде мектеп шартына  жеңил көнүшөт, — дейт педагог.

Ата-энелердин айтуусунда, мугалим  ар бир окуучунун социалдашуусуна, балдарды тартынбай  өз оюн айттырганга, окутууда интерактивдүү усулдарды колдонууга чоң маани берет.

— Илгери бир кишинин «Менин боюм класста эң кичинекей болчу. Окуткан мугалимим менин бар же жок экенимди байкачу  эмес. Арткы партада олтурчумун. Кийин эмне болду? Ошол класстан жалгыз мен жетекчилик кызматта иштейм» дегени эч эсимден кетпейт.  Мени да окуучуларым ушинтип айтышпасын дейм. Класстагы балдарды дайыма алмаштырып отургузам.  Өзүм да окуучумдун жанына отуруп алган учурларым болот, — дейт эжей.

Жаңыл Каримова китеп дүйнөсүнө  өзгөчө жакын мугалим. Ал  өзүнүн китепке болгон сүйүүсүн окуучуларына да бере алды. Күн сайын балдар-кыздарга аңгеме-жомок окуп бергенге аракеттенет.

— Шаардык балдар айыл жеринде  өспөгөндөн кийин, көп сөздөрдүн маанисин билишпейт. Бир жагы, азыркы балдар үчүн жазылган китептердин көпчүлүгү да баланын тилинде жазылган эмес. Китеп беттери татаал, узун сүйлөмдөргө, көп муундуу сөздөргө толтура. Кээде  жөнөкөйлөтүп, башка сөздөр менен алмаштырууга же текстти кыскартууга туура келет, — дейт педагог.

Мугалимдин бул аракети байкоосуз калбаптыр. Ал — эки жылдан бери ЮСАИДдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун балдар үчүн жазылган тексттерди баалоо боюнча эксперттик топтун  мүчөсү.

— Ишемби сайын эксперттер чогулуп, балдар үчүн жазылган кыргыз-орус тилиндеги тексттерди баалайбыз. Арабызда  өз эмгеги менен элге-журтка таанылган адамдар бар, — дейт эжей.

Буга чейин Жаңылкан Каримова коомдук зор мааниси бар дагы бир чоң ишти бүтүргөнүн айта кеткенибиз туура болор. Эжей өткөн жылдан тартып Айбилимдин ишин илгерилеткенге жардам берди.

АЙБИЛИМДИН ИШИН ИЛГЕРИЛЕТКЕН МУГАЛИМ

— Былтыр «Таалим-Форум» Айбилим мультимедиалык ресурсун түзүүгө мугалимдерди топтоду. Буга чейинки   катышкан семинар-тренингдерим,  ар кандай долбоорлор менен кызматташып иштегеним, Мекен таануу сабагы боюнча кошумча материалдарды, ар кандай колдонмолорду иштеп чыгууга катышканым өз таасирин тийгизди деп ойлойм. Биз жети предмет боюнча электрондук ресурстарды иштеп чыктык. Утуру даяр болгон материалдарды  окуу процессинде колдонууга аракет кылып жаттык. Мен математика сабагы боюнча методист катары иштедим. Бул комплекс  мугалимдерге баа жеткис усулдук жардам болсо, ата-энелер үчүн балдардын үй тапшырмасын даярдоодо көмөк көрсөтүүчү булак катары пайдалуу, — дейт Жаңылкан эжей.

Ушу тапта Жаңылкан эжей «Кыргызтесттин» да ишине көмөктөшө баштады. Бул иш — эне тил мектебинин мыкты үлгүсүнө айланган Герман Гмайнер окуу-тарбия комплексинин алдыңкы мугалими Жаңылкан Каримова үчүн көнүмүш жумуш. Анткени ал күн сайын талыкпастан классындагы аруу тилек балдардын баёо дүйнөсүнө кылым карыткан Манастын тилин жеткирип келет…

(Материал КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана Европа Бирлигинин “Мугалим-Кесиби” сынагынын алкагында даярдалды).

 

А.Алибеков, АКСЕЛСтин “Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010), Ж.Бөкөнбаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты (2017)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер