АГАРТУУЧУЛАРДЫ АГРЕССИЯДАН КАНТИП КОРГОЙБУЗ?

  • 23.01.2020
  • 0

Окуучунун энеси өзүнүн жүрүм-туруму менен мугалимдин укугун төрт берене боюнча бузган. Ушундай жыйынтыкты Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзгөн атайын комиссия өткөн жылдын 17-декабрында Бишкек шаарындагы №95 ОТКнын башталгыч классынын мугалими Г.Мамытбекова менен 4-класстын окуучусунун апасы Ш.Авсаматованын ортосундагы инцидентти изилдөөнүн жыйынтыгында чыгарды.

Мугалим милдетин мыйзам чегинде аткарган

КР Билим берүү жана илим министрлигинин сектор башчысы, Бишкек шаарынын куратору Бекташ Рысбековдун билдирген маалыматы боюнча, министрликтин 2019-жылдын 24-декабрындагы №150/1 буйругунун негизинде атайын түзүлгөн комиссия Бишкек шаарындагы №95 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясында мугалим жана ата-эненин ортосунда түзүлгөн жагдайды кылдат териштирип чыккан.

— Бул окуя боюнча Ленин райондук билим берүү борборунун жана №95 ОТК администрациясы менен биргеликте тиешелүү адамдардан түшүнүк каттар алынып, дисциплинардык чаралар көрүлгөн. Натыйжада комиссия бир пикирден окуучунун апасы Ш.Авсаматова өзүнүн аракети менен “Мугалимдин статусу жөнүндөгү” мыйзамдын 6-беренесин, “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын 29-беренесин жана №95 ОТКнын уставын жана ички тартип эрежесин бузган деп табылды.

Андан тышкары, мугалимге күч колдонулуп, ал физикалык жана психологиялык жактан жабыркагандыгына байланыштуу, укук коргоо кызматкерлери тарабынан окуучу кыздын энесинин мындай аракети КРнын “Жоруктар жөнүндө” Кодексинин №65 беренеси боюнча “Уруп-согуу” же №119 беренеси боюнча “Бейбаштык” деп бааланышы толук ыктымал,-дейт Б.Рысбеков. КРнын Жарандык кодексинин 16-беренеси боюнча мугалимдин намысына жана кадыр-баркына доо кеткен жана ошондой эле моралдык зыян тарткан деген тыянак чыгарган комиссия, педагогдордун баркын жана баасын түшүргөн мына ушундай терс окуялар системалуу түрдө орун алып жаткандыктан, укук коргоо органдары жогорудагы пикирлерди эске алуусу зарыл деп баса белгилеген.

Окуяга ичтен баа берген Билим берүү жана илим министрлиги окуя болгон учурда мугалим мыйзамдуу түрдө милдетин аткарганын билдирет. Министрликтин буйругуна ылайык, окуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн сабак учурунда мугалимдин класстан сырткары чыгуусуна тыюу салынат. Өзүнүн аракети менен окуянын катышуучусу болгон А.Ш. аттуу ата-эне бир гана окуу процессин бузбастан, класста коштоосуз калган башка окуучуларга да коркунуч жараткан.

Акыркы кезде педагогдордун эмгегин баалоо, беделин көтөрүү багытында иш-чараларды көрүп жаткан министрлик “мугалим” деген кесипке сый мамиле кылуу менен ата-энелерди мектепте этика жана моралдык нормаларды сактоого чакырат.

Өтүктөн чыккан чыр

Баш калаабыздагы №95 ОТКнын директорунун башталгыч класстарынын окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Нуржамал Мамбетсултановага байланышканыбызда учурда мугалимдин ички иштер органына жазган арызы териштирилип жаткандыгын кабарлады.

— Мугалимди бир окуучу кыздын апасы колунан орой сүйрөп директордун кабинетине киргенде, мен директордун бөлмөсүндө отургам. Жагымсыз окуяга күбө болгонум ырас. Уруш өтүктөн башталыптыр. Бизде окуучулар мектептин ичинде жеңил бут кийим кийип жүрүшөт. Окуянын катышуучуларынын айтымында, 3-класста сабак өтүп жаткан мугалим окуучуларга текшерүү иши болуп жаткандыгына байланыштуу, класста калган өтүгүн алууга келген окуучуга өтүгүн алганга руксат бербей коет. Кыз энесине даттанып, энеси келип, мугалимди сабактан алагды кылып күч колдонуп директорго сүйрөп кирген. Ага чейин экөөнүн ортосунда кайым айтышуулар болгонбу, билбейм, ыза тарткан мугалим ыйлап, бизге кырдаалды түшүндүрүп берди. Кыздын апасы окуучулардын көзүнчө колдон тартып жулмалагандыктан, мугалимдин колдору тытылып, көгөргөнү байкалып турду. Окуянын чоо-жайын биз кийин видеотасмадан да көрдүк. Бул жагымсыз окуя мугалим менен ата-эненин ортосунда болуп өткөндүктөн, ата-энелер комитети да четте калбай, кызматтык кат жазышып, мугалимди коргоого алышкан,-дейт Нуржамал Мухтаровна.

АГАРТУУЧУЛАРДЫ АГРЕССИЯДАН КАНТИП КОРГОЙБУЗ?

Ал эми окуянын түздөн-түз катышуучусу, башталгыч класстын мугалими Гульфиза Мамытбековага байланышканыбызда моралдык жана психологиялык тарткан жабырдан али өзүнө толук келе электигин, андыктан коомчулук менен байланышуудан азырынча четтеп тургандыгын билдирди.

— Менимче, окуя дагы уланат көрүнөт. Себеби кыздын апасы кечээ жакында эле дагы бир жактуу маалыматтарды таратты. Аны көргөн ата-энелер мени колдоого алган пикирлерин жазышып, министрликке кат жолдошту. Ата-энелер ал катта жогоруда аталган окуучунун энесинин мектептин ички иштерине кийлигишкен башка дагы жоруктары бар экендигин, мектептин тынчтыгы үчүн керек болсо, ал энеге кызын мектептен алып кетүү талабын коюуга чейин барышарын билдиришкен. Анткени ал өзүнүн журналист экендигин белгилеп, буга чейин да ынтымакты бузган ар түрдүү аракеттерди көрүү менен алектенип келгендигин ата-энелер жакшы билишет,-дейт жаш адис.

Педагогикалык чыйырга түшкөнүнө эки жыл болгонун айткан Гульфиза Атайбековна, бул жагымсыз окуядан кийин таттуу кыялы кыйрап, мугалим болуп иштөөдөн көңүлү кайт боло түшкөнүн, окуу жылы аяктаганда, кайра мектепке келбей эле койсомбу деген эки анжы ойдо болуп жаткандыгын кошумчалады.

ЖК депутаттары мугалим менен дарыгерлерди коргоого алууга чакырууда

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков жана Жылдыз Мусабекова мугалимдерге жана дарыгерлерге орой мамиле жасаган адамдарга чара көрүү керек деп эсептешет. Алмазбек Баатырбеков “Жоруктар жөнүндө” Кодексине медициналык кызматкерлердин коопсуздугун жөнгө салуу боюнча оңдоп-түзөө киргизүүнү сунуштаса, Жылдыз Мусабекова мугалимдерди ата-энелердин агрессиясынан коргоочу атайын мыйзам кабыл алуу керектигин айтууда. Буга биз жогоруда сөз кылган мугалимге кол көтөргөн ата-эненин окуясынан кийин, Бишкектеги №3 балдар ооруканасында эмгектенген дарыгер менен баласын ооруканага алып келген эненин ортосундагы чыр-чатак негиз болуп жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий маалыматына таянсак, акыркы беш жыл аралыгында ак халатчандарга кордук көрсөткөн жана кол көтөргөн фактыны тастыктаган 40тан ашык окуя катталган.

Депутат айым парламентте сүйлөгөн сөзүндө жарандар иш учурунда кемсинтип, кол көтөргөнгө чейин барып жатышканын айтып, административдик бузуулар кодексине штрафтарды жана жазаларды киргизүүнү суранган.

Мугалимди сөккөн жаран камалат

Салыштыруу иретинде белгилей кетсек, кызматтык милдетин аткаруу учурунда жабыркаган мугалимдерди жана дарыгерлерди коргоо жана колдоо жагы коңшу Казакстанда жана Россияда бир кыйла жакшы. Алсак, РФ врачтардын же мугалимдердин дарегине акаарат келтирген жаранга 10 миң рубль айып пул салат, ал эми кол көтөрүп сабаса – эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми Казакстан парламенти жаңы жыл алдында бекиткен “Педагогдун статусу жөнүндө” мыйзамында мугалимдин дарегине жаман сөз айткан жаран камалаары жазылган.

Жаңы окуу жылын жаңы эмгек акы менен баштап, көңүлү да, капчыгы да толо түшкөн биздин мугалимдердин коомдогу солкулдап турган ордун канткенде турукташтырабыз деген суроонун жообунда баш катырган деле табышмак жок дейт, 30 жылдан ашык мугалим болуп иштеген Айнура Асаналиева. Анын пикиринде, мугалимди туруктуу эмгек акы менен камсыздап, ише талабын күчөтүү керек. Алган эмгек акысы алдыга умтулуп иштөөгө мотивация берсе, коргоо жана колдоо боюнча коюлган талаптар иштин сапатын оңдоп, коомчулукта ага карата урмат-сыйы артмак да, мугалимдин дарегине акаарат сөздөр тургай, нараазы пикирлер болбойт эле деген ишенимде.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер