БААТЫР ЖҮРӨК СУЛТАНДЫН КЫЗЫЛ ЖЫЛДЫЗЫ

  • 17.06.2025
  • 0

Улуу ата мекендик согушта Гитлердин үч жүздөн ашык баскынчы аскерин жок кылып, далай куралын талкалап, эрдик көрсөткөн кыргыз жоокери Султан Ботоканов  Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланганы 60 жылдан кийин билинди. Нарын районундагы Эчки-Башы айылынан 1941-жылы согушка кырчындай улан кезинен аттанып, улук сержант, командир болгон даңктуу кыргыз уулунун тагдыры 1943-жылдан бери белгисиз болуп келген.

БААТЫР ЖҮРӨК СУЛТАНДЫН КЫЗЫЛ ЖЫЛДЫЗЫ

Аскерге жашы жете электе кан майданга аттанган кыргыз азамттарынын  мисалы аз. Эгерде ошондой даңктуу жоокердин бир өрнөгү болсо, анда ал Теңир-Тоодон чыккан баатыр жүрөк Султанга таандык.

Ал согушка аттанганда он алты гана жашта экен. Бирок документинде 1922-жылы туулган деп жаңылыш жазылып калгандыктан, райондук аскер комиссариаты жакшы карабай туруп согушка жиберген. Ал фронтко баргандан кийин үчүнчү жылы улук сержант, истребителдик куралдын командири болуп, жүздөгөн фашисттерди жок кылып, эрдиги үчүн Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган экен.

Бул кабарды бир тууган карындашы Майрамкүлдүн уулу  интернеттен изилдеп жүрүп, мындан 20 жыл мурда таап чыккан.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Султан Ботоканов тууралуу маалыматты бир тууган карындашы Майрамкүл  Ботоканованын уулу Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу мындан 20 жыл мурда билген.

Майрамкүл эже улуу бир туураны Султан Ботоканов тууралуу буларды айтты:

БААТЫР ЖҮРӨК СУЛТАНДЫН КЫЗЫЛ ЖЫЛДЫЗЫ«Бир туугандарымдын эң улуусу Султан байкебиз 1941-жылы 16 жашында Кызыл Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата мекендик согушка мекендин коргоого кеткен экен. Апамдын айтымында, ошол учурдагы райондук аскер комиссариаты анын жашын 2 жылга чоңойтуп, алып кетишкен.  Султан агамдан “ Учурда 1942-жылы  Украинанын аймагында 79-истербителдик-танкка каршы артиллериялык полкто кызмат кылып, фишисттерге каршы согушуп жатам. Улук сержант болуп, ок атуучу куралдын командиримин, Коммунисттик партиянын мүчөлүгүнө дагы талапкер болдум. Жакында эле душмандын ок-дары, курал жүктөгөн үч автомашинасын,  12 ок атуучу жабдуусун, 300дөн ашуун гитлердик жоокерин жок кылып, “Кызыл Жылдыз” ордени менен сыйлоого көрсөтүлдүм  ” деп кат келген экен.  Ошондон кийин кат- кабары жок, дайынсыз жоголуп, ата-энем үмүтүн үзбөй жол карап, ыйлап жүрүп өтүп кетишти.  Кийин бир нече ирет дайынын билүүгө ошол учурдагы Тянь-Шань райондук жана Нарын облустук аскер комиссариаттарына кайрылган элек. Тилекке каршы, Султан агам тууралуу эч кандай маалымат табылган эмес. Мындан 20 жыл мурда Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 60 жылдыгына карата  Россиянын Коргоо министрлигинин сайтынан дайынсыз жоголгон агам Султан Ботоканов тууралуу маалыматтарды таап алдык. Бул кабар биздин үй-бүлө үчүн күтүүсүз болгон. Агамдын сөөгү Украинанын кайсы жеринде  көмүлгөнүн издейли десек, учурда бул өлкөдө согуш болуп жаткандыктан, мүмкүнчүлүк болбой жатат. 

БААТЫР ЖҮРӨК СУЛТАНДЫН КЫЗЫЛ ЖЫЛДЫЗЫ

Султандын эрдик көрсөткөн окуясы 1943-жылы июлда Украинанын аймагында болгон. Аны Кызыл Жылдыз ордени менен сыйлоого генерал-майор Филипповдун сунуштамасы  1943-жылы 3-августта  СССР Жогорку Советинин президиумуна  жиберилген.

Кызыл Жылдыз ордени менен согуш убагында жеке каармандык жана эрдик көрсөткөн катардагы жоокерлер, сержанттар, согуштук аракеттерди мыкты уюштурган офицерлер сыйланган.

Үч жүздөн ашык душманды жайлаган баатыр жүрөк кыргыз уулунун эрдиги бир эле Кызыл Жылдыз ордени эмес, Советтер Союзунун баатыры жогорку наамына да татыктуу эмеспи. Убагында канчалаган кыргыз жоокерлеринин көрсөткөн эрдиги татыктуу бааланбай калды, кээ бирлерине татыктуу баа кийин-кийин кеч берилди. Николай Гастеллодой эрдик жасап, күйүп бараткан согуштук учагы менен душмандын танкасын талкалаган Исмаилбек Таранчиевге эң жогорку наам сексенинчи жылдардын аягында гана берилбеди беле. Эгерде артынан түшкөн адам болуп, кыргыз өкмөтү катуу киришкенде Султан Ботокановго дагы баатыр наамы берилмек экен.

Кыргыз жоокерин орден менен сыйлоо кагаздарында анын кайсы жерде кандайча курман болгону тууралуу маалымат жазылган эмес. Ошол 1943-жылдан бери дайыны билинбей калгандыктан,  аны ата-энеси, бир туугандары издей баштаган.

Султан Ботоканов 1924-жылы  мурдагы Тянь-Шань учурдагы Нарын районунун Эчки-Башы айылында туулганы менен документтерде 1922-жылы туулган деп жазылып калган.  Тянь-Шань аскер комиссариаты тарабынан 1941-жылы согушка жөнөтүлүп, улук сержант катары 79-истербителдик-танкка каршы артиллериялык полкто кызмат кылып, 1943-жылы июлда Украинанын аймагында эрдик көрсөткөнү, “Кызыл Жылдыз” ордени менен сыйлоого генерал-майор Филипповдун сунуштамасы  1943-жылы 3-августта  СССР Жогорку Советинин президиумуна  жиберилген.  Бирок согуштун катышуучусу Султан Ботоконов кайсы жерде кандайча каза болгону тууралуу маалымат жазылган эмес. Ошол 1943-жылдан бери дайыны билинбей калгандыктан  аны ата-энеси издей баштаган.

«Агам Султан бир туугандарымдын эң улуусу эле.  Эки уул, алты кыздуу болгон ата-энебиз. Агам согушка кеткенден кийин мен 1944-жылы төрөлгөндүктөн  көрбөй да, билбей да калдым. Агамдан бир эле сүрөт калган экен. Аны дагы апам Зууракан сүрөтчү Алымкул деген тууганыбызга “чоң кылып тартып бер” деп берсе, ал байке дагы жоготуп жиберген экен. Согуш  учурунда кара тумоо болуп ооруп жатканыбызга карабай үйүбүзгө ууру кирип, болгон оокат-жайды, буюм-тайымды уурдап кетип, агам жазган каттары да жоголгон экен.  Ата-энебиз өмүр бою Султан байкемди издеп,  зарыгып күтүп жашап, бул дүйнөдөн өтүп кетишти. Султан агам кырчындай 16 жашында согушка кетип, 19 жашында баатырларча эрдик көрсөтүп, артында туяк калган жок. Субан байкем 1968-жылы 28 жашында каза болуп, андан Медер аттуу уулу калган. Учурда анын 4 баласы бар. Ал эми беш  эжемдин көзү өтүп кетип, учурда 8 бир туугандарымдан мен эле калдым», – деди Майрамкүл Ботоканова.

Согушта дайынсыз жоголгон Султандын сөөгү болжолдуу түрдө  Украинанын Отрадная станциясына жакын жердеги жоокерлер мүрзөсүнө коюлган деген маалымат бар. Бирок конкреттүү кайсы кыштактын аймагы экени белгисиз. Бул дагы изилдеп-иликтөөнү талап кылат, бирок Украинанын аймагында азыр бул ишти жүргүзүү мүмкүн эмес, согуш болуп жатат.

 

БААТЫР ЖҮРӨК СУЛТАНДЫН КЫЗЫЛ ЖЫЛДЫЗЫ Агасын издеген Майрамкүл эже менен сүйлөшүп, суроо узаттым.

 -Согушка кетип, дайыны билинбеген аталарыбыз, агаларыбыз тууралуу маалыматты биздин тиешелүү органдардан толук алууга болот  бекен же кандай кыйынчылыктар болдубу?

-Мен апамдын аманаты боюнча агамды көп жыл издедим. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, райондук, облустук аскер комиссариаттарынан суроо- талап жибердим. Эч бир жерден оң жооп келген жок, агамдын дайынын эч бир жерден таба алган жокмун. Бул боюнча эч кимди күнөөлөгүм келбейт. Убагында көп жерлерде архивдик материалдар өрттөнүп кеткен экен. Аларды калыбына келтирүү мүмкүн эместир.

60 жылдан кийин дайнын билдик, эми агам Султандын курман болгон жерин табуу милдет болуп турат. Буюрса көзүм тирүүсүндө ата-энемдин аманатын аткарып, Украина-Орусиянын согушу токтосо агамдын бейитин таап, туулган жери Эчки-Башынын топурагын ала барып, көрүстөнүнө салып, арбагына зыярат кылып келсем дегенде эки көзүм төрт.

Ал эми согуштан кайтпай калган туугандарын издеген адамдарды талыкпай издей бергиле, бардык мүмкүн болгон булактарды карагыла, бардык мүмкүн болгон инстанцияларга жазгыла, акыры табылар күн келет деп, учурдан пайдаланып айткым келет. Себеби бир дагы жоокер дайынысыз калбашы керек, алар тарыхта аты кала турган адамдар, биздин келечек үчүн өмүрүн берген аталарыбыз, агаларыбыз!  Издеңиздер, үмүтүңөрдү үзбөгүлө дегим келет.

– Сиз көп жыл издөө менен алектендим деп жатасыз, демек көшөрүп аракеттенген өңдөнөсүз. Бул, албетте, оңой иш эмес, «бул ишти токтотуп эле коюн, табылбайт болуш керек» деген ойлор да болдубу?

БААТЫР ЖҮРӨК СУЛТАНДЫН КЫЗЫЛ ЖЫЛДЫЗЫ-Издөөдөн тажаганда ошондой бир аз ой жылт этет, бирок агамдын дайын табуу мен үчүн чоң милдет болуп калган эле. Апам Зууракан өзү абдан сыпайы, адамдын көңүлүн оорутпаган адам болчу. Апам менен жолукканда «кызым баягы Султан агаңды издөө иштериң кантип жатат» деп акырын астейдил сурап койчу. «Таба алган жокмун» деген сөздү айтыш мен үчүн намыс эле, өзүмдү ата-энемдин үмүтүн актай албай калган күнөөлүүдөй сезип калар элем. Ошол сөздөр мага ого бетер дем берип, кайра көшөрүп издей берчүмүн. Акыры, 60 жылдан ашуун убакыттан агамдын дайынын билдик. Мурда, союз учурунда бардык материал жашыруун болгондуктан, согуштан дайынсыз жоголгон дегенден башка кабар жок болчу. Азыр интернет тармагынын жардамы менен көп маалыматтарды билүүгө болот.

Маалымат үчүн: 1941–1945-жылдар аралыгында Советтер Союзунун аймагына баскынчылык менен кирген фашисттик Германиянын аскерлерине каршы күрөшүүгө жалпысынан 360 миңден ашуун кыргызстандык жоокер согушка аттанган. Тилекке каршы, алардын ичинен 133 жоокер өз мекенине кайтып келген эмес. Согуш учурунда 56 миңден ашык кыргызстандык жоокер дайынсыз жоголгон. Анын 1 миң 395и аялдар болгон. Алардын көбү согуш талаасында баатырларча курман болушкан. Баатырдыгы жана эрдиги үчүн 150 миңден ашуун жоокер жана командирлер орден, медалдар менен сыйланган. 22 жоокер “Даңк” орденинин толук кавалери болсо, 73 жоокерге Советтер Союзунун Баатыры деген эң жогорку наам ыйгарылган.

БААТЫР ЖҮРӨК СУЛТАНДЫН КЫЗЫЛ ЖЫЛДЫЗЫНарын районундагы Эчки-Башы айылынан жүздөн ашуун эр-азаматтар душманга каршы аттанып, согуш майданында салгылашкан. 72 жигиттин кырчын кезинде өмүрү мекени үчүн кыйылган. Баатырдык менен жеңиш күнүн жакындатышкан Усубалиев Узакбай, Турдумамбетов Бектемир, Кыдыров Токтогул, Ботоканов Садык, Ботоканов Султан, Серкебаев Ысак, Серкебаев Билал, Касымалиев Эсенгелди, Исмаилов Өмүрзак жана башкалар эч убакта унутулбайт.  Айылда 1970-жылдары  коомдук ишмер, чарба жетекчиси, айылдык кеңештин төрайымы Күмүш Суранованын демилгеси менен  Улуу Ата мекендик согушта баатырларча курман болгон жоокерлерди эскерүү үчүн эстелик курулган.  Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

Жакында эле Улуу Жеңиштин 80 жылдыгында дагы аларга терең таазим кылынды.

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер