АДАМ УКУКТАРЫ ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИ

  • 10.12.2018
  • 0

10-декабрь — Адам укуктарынын күнүнө жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 70 жылдыгына карата К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде “Адам укуктары жана эркиндиктери” аттуу  иш-чара өттү.

АДАМ УКУКТАРЫ ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИ

Ага окуу жайдын студенттери менен биргеликте Жалал-Абад областынын жана Жалал-Абад шаарынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышты. Программага ылайык Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Б. Токтобаева жана анын аппаратынын кызматкерлери, о.э. ЭАУнун юриспруденция кафедрасынын окутуучулары төмөнкү темаларда билдирүүлөрдү жасашты: “Адам укуктарынын жалпы декларациясы”, “Укуктук маданият менин жашоомдо”, “БУУнун Балдар укуктары жөнүндө конвенциясы” ж.б.

Муну менен бирге тема боюнча видео роликтер көрсөтүлүп, адам укуктары жана эркиндиктери боюнча бир катар сахналаштыруулар, викториналар болуп, дил баяндардын жана дубал гезиттеринин сынактарынын жыйынтыктары чыгарылды. Бул тууралуу ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер