АБИТУРИЕНТТЕР ДОКУМЕНТТЕРДИН ТҮП НУСКАЛАРЫН ОКУУ ЖЫЛЫ БАШТАЛГАНДА ГАНА АЛЫП КЕЛЕТ

  • 27.07.2020
  • 0

Пандемия мезгилинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу быйыл Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлүүдө. Билим берүү жана илим министрлиги бул жараянды ишке ашырчу «Абитуриент Online» (https://2020.edu.gov.kg/)  автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыккан.

Онлайн кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тигил же бул окуу жайда билим ала турганын тастыкташы үчүн тиешелүү документтердин көчүрмөсүн гана тиркейт. Документтердин түп нускаларын жогорку окуу жайга окуу жылдын башында гана берүү керек.

ЖОЖдор кошумча сынактарды талап кылган адистиктер (маданият, искусство, дене тарбия, дизайн адистиктери) боюнча гана кирүү экзамендерди салттуу режимде өткөрүшөт.

Россия жана Түркиянын мамлекеттеринин эсебинен бөлүнгөн гранттык орундарга «Манас» жана Кыргыз-Россия Славян университети абитуриенттерди кабыл алат. Кабыл алуу жараянын аталган окуу жайлар аныктайт.

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, менчигинин түрүнө карабай, кошумча сынактарды өткөнгөн окуу жайлар тиешелүү санитардык-гигиеналык нормаларды жана социалдык аралыкты сактоо чараларын милдеттүү түрдө (аралыкты сактоо, дене табын ченөө, имарат, окуу аудиторияларды дезинфекциялоо, абитуриенттердин массалык чогулуусуна жол бербөө, беткаптарды кийүү, санитайзерлерди колдонуу ж.б.) камсыздоого милдеттүү жана Саламаттыкты сактоо министрлигин талаптарын аткарууга тийиш.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер