АБИТУРИЕНТ 2022: МАМЛЕКЕТТИК СЫНАКТАР БАШТАЛДЫ

  • 13.06.2022
  • 0

Өлкөдөгү мектеп бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамендерин тапшыра баштады.

post.title

Бүгүн белгиленген программа боюнча 11-класстын бүтүрүүчүлөрү эне тили жана адабияты предметинен эссе, 9-класстын бүтүрүүчүлөрү математика (алгебра) сабагынан комплекстүү тест (жазуу түрүндө) тапшырышууда.

 

Кийинки мамлекеттик экзамен 14-июнда өтөт.

Белгилей кетсек, сынактын тапшырмалары алгачкы жолу www.ncokoit.kg сайты аркылуу электрондук түрдө жеткиликтүү болуп, мектеп администрациясы сынактын алдында тестти атайын берилген логин жана сыр сөз(пароль) менен кирип көчүрүп алды. Буга чейин экзамендик материалдар кагазга көчүрүлүп, ар бир билим берүү мекемесине жеткирилип, ага бюджеттен 4 миллион сомдой каражат короп келсе, санариптештирүүнүн натыйжасында быйылкы чыгым 700 000 сомду түздү.

АБИТУРИЕНТ 2022: МАМЛЕКЕТТИК СЫНАКТАР БАШТАЛДЫ

Өлкөдө 11-классты 67 миң окуучу аяктап жатса, 9-классты бүтүрүп жаткандардын саны 106,5 миң.

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдер жамаатына жана ар бир бүтүрүүчүгө мамлекеттик экзамендерди тапшырууда ийгилик каалайт!

Бөлүшүү

Комментарийлер