АБДЫКАДЫР САДЫКОВДУН 85 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 30.10.2018
  • 0

25-октябрда Ж.Баласагын атындагы КУУда кыргыз филологиясы факультетинин Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Абдыкадыр Садыковдун илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 65 жана туулгандыгынын 85 жылдыгына арналган “Окумуштуу. Педагог. Устат” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Жыйында  окуу жайдын ректору Канат Садыков юбилярды КУУнун жалпы жамаатынын атынан кутман курагы менен куттуктап, университеттин сыйлыктарын тапшырды. Андан сырткары Бишкек гуманитардык университетинин ректору Абдылда Мусаев, Кыргыз Эл акыны Асан Жакшылыков, профессор Эсенбек Мамбетакунов, Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскулов, А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашева сыяктуу бир катар окумуштуу-илимпоздор агайдын дарегине жылуу сөздөрүн айтышып, мааракеси менен куттукташты.

Иш-чарада Советбек Байгазиев  “А.Садыков – кыргыз адабият тарыхчысы”, Абдылдажан Акматалиев  “А.Садыков — залкар Айтматов таануучу”, Рахима Сыдыкова “А.Садыков – А.Осмоновдун алгачкы изилдөөчүсү” деген темада баяндама жасашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер