ААЛЫБАЕВ АТТОКУР АГАЙДЫН СЫЙЛЫКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 06.06.2024
  • 0

Жалал-Абаддагы №32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби-мекемесинде эл агартуунун отличниги, методист жана насаатчы мугалим Аалыбаев Аттокур агайдын сыйлыгы небереси Тууганбай уулу Нурсултан жана Тууганбай кызы Элмира тарабынан тапшырылды.

ААЛЫБАЕВ АТТОКУР АГАЙДЫН СЫЙЛЫКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫААЛЫБАЕВ АТТОКУР АГАЙДЫН СЫЙЛЫКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

Маалыматка таянсак, окуу багытындагы көрүнүктүү жетишкендиктери, үлгүлүү жүрүш-турушу жана коомдук иштерге активдүү катышкандагы үчүн башталгыч классынын окуучулары «Ардак грамота» жана баалуу белектер менен сыйланды.

ААЛЫБАЕВ АТТОКУР АГАЙДЫН СЫЙЛЫКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫААЛЫБАЕВ АТТОКУР АГАЙДЫН СЫЙЛЫКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

ААЛЫБАЕВ АТТОКУР АГАЙДЫН СЫЙЛЫКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫААЛЫБАЕВ АТТОКУР АГАЙДЫН СЫЙЛЫКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

— Ошондой эле окуу-тарбия ишинде алгылыктуу иштерди жасап, дене тарбия сабагынан окуучулары райондук, облустук турларга окуучуларды даярдап, катыштырып келген мугалим Аманжанов Кубанычбек агайыбызга жана окуучуларынын билим сапаты жогору болгон башталгыч классынын мугалими, 2-“а” класстын класс жетекчиси Алымкожоева Динара эжекебизге «Ардак грамота» жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.  Жылда салтка айланып келе жаткан бул сыйлыктын ээлери, Аттокур агайдын уул-кыздарына жана неберелерине мектеп жамаатынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз! – деп жазылган маалыматта.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер