ААЛАМГА ЖОЛ АЧКАН ЧЫГЫШ ТИЛДЕРИ   

  • 06.12.2018
  • 0

Быйыл И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин түзүлгөнүнө  20 жыл болуп, учурда мааракелик иш-чаралар уюштурулууда. Алгач факультеттин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу кечеси, андан соң  29-ноябрда “Тил мейкиндиги жана Кыргызстан азыркы эл аралык мамилелердин алкагында ” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Бул факультет эл аралык мамилелер, аймак  таануу, журналистика, филология, котормо жана котормо таануу, жарнама жана коомчулук менен байланыш багыттары боюнча адистерди даярдоодо кытай, корей, япон, түрк, фарсы, араб жана англис тилдеринин бирин  негизги тил катары үйрөтүү менен башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Учурда факультеттин бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн чар тарабында билимин улантып, иштеп жүрүшөт. Ошондой студенттердин бири Жоробекова Рахат беш жылдан бери Японияда. Ал жөн гана билимин тереңдетпестен Кыргызстанды жана кыргыз маданиятын таанытуу иштерин дагы колго алган.

ААЛАМГА ЖОЛ АЧКАН ЧЫГЫШ ТИЛДЕРИ   

— Жапон мамлекетине 2016-жылдын март айында сапар алып, апрель айында окууга кириштим. Негизи бул жакта жаңы окуу жылы апрель айында башталат. Педагогикалык багыт боюнча күчтүү ЖОЖдордун катарына кирген Гифу префектурасынын Гифу шаарында жайгашкан Gifu Shotoku Gakuen университетинин магистратура жана докторантура бөлүмүнө тапшырып, эл аралык маданият илим-изилдөө тармагынын эл аралык билим берүү жана маданият багытында бир жыл жапон тилинин окутуунун методикасы боюнча билимимди жогорулатып жана бул жактагы кыргыз студенттеринин жапон тилин өздөштүрүүсү боюнча изилдөө ишин жазып, ийгиликтүү коргодум. Бул изилдөө иштерим жактырылып, университеттин магистратура жана докторантура бөлүмүнүн директору тарабынан докторантурага тапшыруу жана өзгөчөлөнгөн степендия төлөп берүү сунушталып, 2017-жылдын апрель айында Gifu Shotoku Gakuen университетинин докторантурасына тапшырып калдым, — дейт Рахат.

Рахат окуп жаткан университетте чет өлкөлүк студенттер жокко эсе болгондуктан, окуу процесси жапон студенттеринин деңгээли менен бирдей өтүлөт. Докторантуранын да окуу, изилдөө иштери татаал, бирок Рахат талыкпай окуп, жапон студенттери менен теңтайлашып аракет кылып келет.

  • Кыргызстан, кыргыз улуту тууралуу Жапонияда көп адамдар билишпейт. Кыргыз студентинин докторантурага өткөнү алар үчүн чоң жаңылык болду. Себеби ушул убакка чейин Gifu префектурасында магистратурага же докторантурага өткөн бир да кыргыз студенти болбоптур. Токио, Осака, Нагоя шаарларында кыргыздар көбүрөк болгондуктан, ал шаарлардын жашоочулары Кыргызстан тууралуу аз да болсо билишет, бирок мен жашап жаткан жерде жана башка жерлеринде билишпейт. Мактана турган нерсе десем да болот, окууга тапшырган күндөн баштап Жапониянын ММКларынан, өзгөчө гезит-журналдарынан менден маек алууну каалаган журналисттер көп болду. Төрт гезитке мен жөнүндө жана келечектеги изилдөө иштеримдеги пландарым боюнча жана албетте, Кыргызстан жөнүндө макалалар чыкты, — дейт бүтүрүүчү. — Андан тышкары Гифу префектурасынын билим тармагынын жетекчилиги менен байланышып, Кыргызстанды таанытуу максатында Жапон мектептеринде Кыргызстан жана кыргыз маданияты тууралуу чакан конференция, фестиваль өткөрүү макулдугун алып, натыйжада төрт мектепте жана бир университетте чакан конференцияларды өткөрдүк.

ААЛАМГА ЖОЛ АЧКАН ЧЫГЫШ ТИЛДЕРИ   

Ушул эле факультетти аяктап,  учурда Япониянын Цукуба шаарында бир ресторанды жетектеп жаткан Асаналиев Асылбек жакынкы аралыкта Бишкектен жапон ресторанын ачууну пландаштырууда. Ал ресторандан жеке акча табууну эмес, жапондордон үйрөнгөн кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүн, тазалыктын үлгүсүн иш жүзүндө көрсөтүп берүүнү максат кылат.

Асылбек дагы Японияга алгач кыска убакытка изилдөө программасынын алкагында барып, аны ийгиликтүү аяктаган. Андан соң студенттердин алмашуу программасынын алкагында экинчи жолу Күн Чыгыш өлкөсүнө келген. Окуу мөөнөтү аяктап Кыргызстанга кетеринде ошол жактагы жеке мектепке документтерин тапшырып койгон.

  • Ойлогон оюм ишке ашып ал мектепке өтүп кеттим. Кайра Японияга сапар алып, окуп баштадым. Бирок окуу төлөмү абдан кымбат болгондуктан жумуш таап иштегенге туура келди. Мугалим болуш үчүн жылына 7000 доллар төлөшүм керек болчу. Эки жылга 14000 доллар таба албагандыктан окууну жыйыштырууга туура келди, — дейт Асылбек.

Асылбек жеке мектепте окуп жүргөндө бош убактысында өзбекстандык досу менен ашканада идиш жууп акча таба баштаган. Кийин официант болуп иштеген. Алардын иштин майын чыгара иштегенин, тактыгын көргөн ресторандын ээси жумушка чакыртып, ашпозчулукту аркалоону сунуштаган.

  • Мекениме келгенде эмне жумуш кылам деп көп ойлондум. Ошондуктан бул жактан бир нерсе үйрөнүп кетүүгө аракет жасадым. Япондордун тамак-ашын изилдей баштадым. Буюрса, Кыргызстанга барып ресторан ачам деген кыялым ишке ашып калса, жалаң гана акча табууну көздөбөйм. Япондордун башкаларга кызмат кылуусунун өзгөчөлүктөрүн, тазалыктын үлгүсүн иш жүзүндө көрсөтүп берем. Буюрса, бардык талаптарга жооп берген заманбап япон ашканасы башкаларга үлгү болгудай, келгендер ырахат алып кете турган жай болот, — дейт Асылбек.

Асылбек ресторанда иштеп жүрүп жапон кызына үйлөнгөн. Учурда эки кызды тарбиялап жатышат. Анын айтымында, Япондордун күйөө баласы эмес, кызматкери болуу кыйын. Анткени алар талапты катуу коюшат.

  • Мен ресторанды келе калып эле башкарып калган жокмун. Башымдан түрдүү кыйынчылктар өттү. Бирок ага моюн сунган жокмун. Мен иштеп жаткан жерде кыркка жакын киши эмгектенет. Алардын арасында бешөө кыргыз. Бул өлкөгө келген мектендештерге колдон келген жардамымды берип, аларды жумушка алууга аракет жасайм, — дейт Асылбек.

Жогоруда сөз кылган Рахат менен Асылбектен башка факультеттин чет мамлекеттерде жүргөн студенттери көп. Ирандын Тегеран улуттук университетине  магистратурага окууга кеткен Жаркын азыр докторлук ишин жазууда. Россияда  жүргөн Дүйшөн болсо Томск мамлекеттик университетинде магистратурада 2-курста ийгиликтүү окуп жатат. Азыр Кытайда бир канча студент ар кандай программалар менен жүрүшсө, Кореяда дагы тогуз студент билим алууда. Дагы төртөө магистратурада окуп жатат. Жакында эле дагы эки студент Кытайга эки жумалык лагерге учуп кетти.

20 жылдык тарыхында Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети ушундай изги ийгиликтерге жетишип, сапаттуу адистерди даярдоо аракетин көрүп келет.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер