“ААЛАМ АЛПЫ – АЙТМАТОВ!”

  • 03.12.2018
  • 0

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте аалам жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата “Аалам алпы – Чыңгыз Айтматов!” аттуу адабий-театралдык кече өткөрүлдү.

Иш-чарада Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча видео слайддар, көркөм окуулар, “Делбирим”, “Биринчи мугалим” повесттеринен сахналаштыруулар, “Илиястын ыры”, “Ысык-Көлдү сагынуу” сыяктуу концерттик номерлер тартууланып, бир катар баяндамалар окулду.

Ушул эле иш-чаранын алкагында Ч.Т. Айтматовдун чыгармалары боюнча дубал гезиттеринин жана дил баяндардын сынагы өткөрүлгөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер