А.КАСЫМАЛИЕВ: “ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕКТИН ӨЗӨГҮ МУГАЛИМДЕРДИН КОЛУНДА”
- 04.10.2025
- 0
Мындан ары көп кабаттуу үйлөрдүн 1-2 кабаттарында бала бакчалар кошо салынат. Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетинин башчысы А.Касымалиев Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөн мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанатта билдирди.
Агартуу майданынын ардактуу кесип ээлерине кайрылган куттуктоо сөзүндө агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Өлкөнү өнүктүрүүчү курал бул — билим” экендигин баса белгилеп, билим берүү реформаларын ишке ашырууга салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирип өттү. Ал Президентке жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигине саясий эрки жана колдоосу үчүн, Агартуу министрлигинин коллективине бирдиктүү иши үчүн, педагогдор менен методисттерге кара жанын карч урган эмгеги үчүн, ошондой эле активдүү кызматташкан эл аралык өнөктөштөрдүн дарегине жылуу сөздөрүн айтты. Айрыкча министр илимпоздордун, жаңы стандарттарды жана окуу китептерин иштеп чыккандардын, мектептер менен бала бакчалардын жетекчилеринин, жогорку окуу жайларынын ректорлорунун жана мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруучулардын салымын белгиледи. Анын айтымында, дал ушул адамдардын аракетинин аркасында 12 жылдык билим берүү киргизилип, окуу программалары жаңыланып, жаңы санариптик куралдар түзүлүп, Кыргызстандын билим берүү системасы үчүн сапаттуу жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып отурат.
Куттуктоо сөз алган КР Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев билим берүү – Кыргызстандын жаркын келечегинин стратегиялык фундаменти экендигин белгилеп “Билим берүү системасы күчтүү жана заман талабына шайкеш болсо, атаандаштыкка жөндөмдүү экономика, адилеттүү коом жана туруктуу мамлекет курулат, анткени мугалим адамга билим, тарбия берип, коомдо агартуу ишин жүргүзөт. Демек, дал ошол жаркын келечектин алтын өзөгү сиздердин, мугалимдердин колунда”, — деди.
Ал өз сөзүндө мектепке чейинки билим берүүдөн баштап, мектеп жана жогорку билим берүү системасындагы изги ийгиликтерди санап өттү.
— 2025-жылы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо 44,3 пайызды түздү. Бул 2020-жылдагы көрсөткүчкө караганда эки эсе көп. Үч жаштан алты жашка чейинки балдарды бала бакчалар менен камсыздоо 50% жетти. Акыркы үч жылда бала бакчалардын саны 400 жаңы мекемеге көбөйдү. Акыркы эки жылда башка максаттарга колдонулуп келген 25 имарат кайтарылды, алардын 15и учурда иштеп жатат, калганы оңдолууда. Өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында бардык аймактарда үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга кеңири уруксат берилди. Мындан ары көп кабаттуу үйлөрдүн 1-2 кабаттарында бала бакчалар кошо салынат. Жаңы курулуш стандарттарын жана санитардык талаптар бекитилди. 2030-жылга чейин 80% жеткиребиз. Ал үчүн жыл сайын 200дөн кем эмес бала бакча ачылат, — деди А.Касымалиев.
Салт болуп калгандай, жакында эле жыйынтыкталган “Жылдын мыкты мугалими-2025” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2025” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар салтанаттуу тапшырылды. Өз кесибинде өзгөчөлөнгөндөр КР Президентинин фондунан акчалай сыйлыктарды, медалдарды жана Ардак грамоталарды алышты. Эң башкысы, баш байге ээси Ысык-Көл облусунун Түп районундагы мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат Асанова Бишкектен бир бөлмөлүү батирдин сертификатын алды. Акчалай сыйлык алгандардын катарында “Жылдын мыкты тарбиячысы-2025” деп табылган Бишкек шаарындагы №93 “Адеми” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Айгүл Жолдошева, “Жылдын мыкты усулчусу-2025” номинациясында мыктылыгын көрсөткөн Бишкектеги №25 мектепке чейинки билим берүү уюмунун методисти Махабат Малабекова, “Жылдын мыкты мамлекеттик тил мугалими” номинациясында жеңишке жетишкен Бишкектеги №162 мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими Оксана Эркалиева жана “Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси” номинациясы боюнча биринчиликти алган Чүй облусунун Сокулук районундагы “Чат-Көл-Колосок” мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси Асия Нуркулова да бар.
Өлкөнүн бардык аймактарынан келген 30дан ашуун мугалим жана тарбиячы мамлекеттик сыйлыктар, медалдар, Ардак грамоталар жана «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланышты. Ошондой эле жаңы мектептерди жана бала бакчаларды курууну камсыз кылган, балдардын сапаттуу билим алышына шарт түзгөн шаар мэрлери жана район акимдери Агартуу министрлигинин ыраазычылык каттарын алышты.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер