А.БЕЙШЕНАЛИЕВ КЫРГЫЗ-САНКТ-ПЕТЕРБУРГ ӨКМӨТТӨР АРАЛЫК КОМИССИЯНЫН ОТУРУМУНА КАТЫШТЫ

  • 29.08.2022
  • 0

 

2022-жылдын 25-августунда Санкт-Петербург шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргыз-Санкт-Петербург өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 11-жыйыны болуп өттү.

Отурум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин жана Санкт-Петербургдун тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Сергей Марковдун төрагалыгы алдында өттү.

Отурумдун алдында Алмазбек Бейшеналиевдин Сергей Марков менен эки тараптуу жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө Санкт-Петербург менен кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Алмазбек Бейшеналиев кыргыз тарап Кыргызстан менен Санкт-Петербургдун ортосундагы инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Өз кезегинде Сергей Марков кызматташууну өнүктүрүү үчүн тараптар тийиштүү мамлекеттик органдарынын ортосунда туруктуу түз байланыштарды түзүүсү зарылдыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуу маселелерин да талкуулашты жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү өз ара кызматташуу маанилүү багыт экендигин эске алып, өз ара кызыкчылык жараткан биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Андан соң Кыргыз-Санкт-Петербург Өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны болуп, анда 2019-жылдын 18-декабрында өткөн мурунку отурумдун Протоколунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду.

Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынынын протоколуна Тараптар алдын ала макулдашкан жана талкуулаган кыйла актуалдуу маселелер, атап айтканда билим берүү, илим, саламаттык сактоо, туризм жана башка маселелер киргизилген. Алмазбек Бейшеналиев азыркы учурда Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө, анын ичинде экотуризмди, тоо туризмин, альпинизмди жана башка ачык эс алууну уюштурууга өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын маалымдады.

Ал учурдан пайдаланып, Санкт-Петербургдун делегациясын күнөстүү Кыргызстанга турист катары келип кетүүгө чакырды жана мындай сапар аларга жагымдуу таасир калтырарына ишендирди.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду. Ошондой эле тараптар Кыргыз-санкт-петербург өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отурумун 2023-жылы Бишкек шаарында өткөрүүнү макулдашышты.

Алмазбек Бейшеналиев Санкт-Петербургга болгон иш сапарынын алкагында Санкт-Петербургдун Вице-губернатору, түздөн-түз билим берүү маселелерин жөнгө салган Ирина Потехина менен да жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана илим жаатында эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты. Анда жаңы билимдерди жана жаңы билим берүү технологияларын жайылтуу, адистерди даярдоонун сапатын аныктоочу жаңы стандарттарды түзүү жана киргизүү жана билим берүүдө заманбап инфокоммуникациялык технологияларды колдонуу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасалды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар Комиссиянын 11-отурумунун Протоколунун пункттарын ишке ашыруунун алкагында төмөнкү биргелешкен долбоорлордун үстүндө иштөөнү баштоого макулдашышты:

— Санкт-Петербургда өтүүчү “Алые паруса” фестивалына Кыргызстандын орто мектептеринин мыкты окуучуларын россиялык тараптын эсебинен кабыл алуу программасынын алкагында ишти активдештирүү;

— Санкт-Петербург шаарынын тиешелүү уюмдарында Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттеринин практикасын уюштуруу;

— Кыргыз Республикасынын жана Санкт-Петербургдун жогорку окуу жайларынын ортосунда студенттердин, аспиранттардын, окутуучулардын жана илимий кызматкерлердин академиялык мобилдүүлүгү жаатында биргелешкен илимий-билим берүү программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу боюнча ишти күчөтүү;

— Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын арасында орус тили жана орус тили предметтеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарды өткөрүү боюнча ишти активдештирүү;

— орус тилинде окуу китептерин жана башка окуу материалдарын даярдоо.

Бөлүшүү

Комментарийлер