№99 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ «ЭЛЕКТРОМОБИЛДЕР» АДИСТИГИ АЧЫЛДЫ
- 13.06.2025
- 0
2025-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 кесиптик лицей “Кытай-Кыргыз Циньлин жаңы энергиялык транспорт каражаттары боюнча өнөрканасы” аттуу эл аралык билим берүү долбоору расмий башталганын жар салды.
Маалыматка таянсак, долбоор Кытай Эл Республикасындагы Яньань кесиптик-техникалык колледжи жана Бээжин шаарындагы Zhongzhi North Zhiyang компаниясы менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.
Долбоорду ишке ашуу мөөнөтү – 2025-2028-жылдар.
Долбоордун негизги максаттары жана багыттары: Электромобилдерди өндүрүү жана тейлөө жаатында квалификациялуу адистерди даярдоо; лицей базасында «электромобилдер» багыты боюнча окуучуларды окутууну уюштуруу; Кытай тараптан 12 модулдуу окуу жабдуусун жана заманбап техникалык шаймандарды берүү; бул программа боюнча окуучуларды акысыз окутуу; лицейдин окутуучуларын Кытай Эл Республикасында стажировкадан өткөрүү аркылуу квалификациясын жогорулатуу; бүтүрүүчүлөрдү бирге сертифициялоо системасын киргизүү; бүтүрүүчүлөрдү Кыргызстандын аймагындагы Кытай жана биргелешкен ишканаларга жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү.
Долбоор жашыл технологиялар жана туруктуу транспорт тармагында адам ресурстарын өнүктүрүүгө багытталган. Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн техникалык жана кесиптик билим берүүнү модернизациялоо, ошондой эле экологиялык жактан таза транспортко өтүү боюнча стратегиялык приоритеттерине толук шайкеш келет.
Ачылыш аземине катышкан Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы
Гүлнура Мамырова кесиптик билим берүү тармагында эл аралык кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, долбоор ийгиликтүү ишке ашарына ишеним артарын айтты. Ошондой эле, Г. Мамырова электромобилдерди оңдоо жана тейлөө боюнча жаңы окуу программаларын киргизүүнүн актуалдуулугуна токтолуп, “жашыл кесиптерди” өнүктүрүү заманбап эмгек рыногунун талаптарына жана экологиялык чакырыктарга жооп берерин баса белгиледи.
Яньань кесиптик-техникалык колледжинин директору Ли Сюнвей дагы куттуктоо сөз сүйлөп, кыргыз тарапка ачык кызматташуусу үчүн ыраазычылыгын билдирип, жаңы энергетикалык транспорт каражаттары тармагындагы жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул долбоор эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө олуттуу негиз түзөт.
Агартуу министрлиги бул долбоорду кесиптик билим берүү тармагындагы кыргыз-кытай кызматташуусун бекемдөөнүн жана тез өнүгүп жаткан тармактарда иштөөгө жөндөмдүү жаңы муундагы кадрларды даярдоонун маанилүү кадамы катары баалайт.
Гүлнара Алыбаева,
«Кут Билим»
Комментарийлер