41 БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМУ ЛИЦЕНЗИЯЛЫК ТАЛАПТАРДЫ АТКАРБАГАНДЫГЫ ҮЧҮН ЭСКЕРТҮҮ АЛДЫ

  • 28.11.2022
  • 0

Билим берүү уюмдарынын лицензиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө үчүн 2022-жылдын 15-апрелинде Билим берүү жана илим министрлигинин №656/1 “2022-жылга билим берүү программаларын даярдоочу билим берүү уюмдарындагы лицензиялык талаптардын сакталышын текшерүү планын бекитүү жөнүндө” буйругу чыккан.

41 БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМУ ЛИЦЕНЗИЯЛЫК ТАЛАПТАРДЫ АТКАРБАГАНДЫГЫ ҮЧҮН ЭСКЕРТҮҮ АЛДЫ

106 билим берүү уюмунда лицензиялоодон кийинки текшерүүлөрдү жүргүзүү пландаштырылган.

Министрлик апрель айынан тартып 60 лицензиядан кийинки текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада 41 билим берүү уюму, анын ичинен медицина багыты боюнча билим берген 17 билим берүү уюмуна эскертүү берилди. Аларга лицензиялык талаптардын бузулушун жоюу үчүн мөөнөт берилди.

Министрлик жарандардын же уюмдардын арыздарынын негизинде пландык текшерүүлөрдөн тышкары үч билим берүү уюмунда текшерүүлөрдү жүргүздү. “Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясы” илимий билим беруу мекемеси жана “Кыргыз тоо-кен-энерготехнологиялык колледж” билим берүү мекемесине эскертүү берилип, айып салуу чечими кабыл алынган. Андан кийин “Кыргыз тоо-энерготехнологиялык колледжи” билим берүү мекемесинин лицензиясы токтотулду.

Ошондой эле “Эрте өнүктүрүү Академиясы” жоопкерчилиги чектелген коомуна лицензиясыз ишкердик жүргүзгөндүгү үчүн айып пул салынды.

Министрлик жарандарды жана уюмдарды билим берүү уюмдарынын лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө маалымдоого чакырат.

Бөлүшүү

Комментарийлер