25-МАЙДА — АКЫРКЫ КОҢГУРОО

  • 13.05.2024
  • 0

Өлкөбүздүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо 25-майда өтөт. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров расмий билдирди.

Маалыматка ылайык, бул билим берүү формасынын кандай түрдө экендигине карабай, бардык билим берүү мекемелерине тиешелүү. Салтанаттуу иш-чара учурунда мугалимдер балдардын коопсуздугуна кам көрүп, иш-чаранын соңунда ата-энелеринин коштоосунда үйлөрүнө узатып жиберүүгө тийиш.

Бул күнү укук коргоо органдарынын жана жол кайгуул кызматынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштейт.

Бөлүшүү

Комментарийлер