№23: 70 ЖАШТА

  • 21.02.2023
  • 0

Бишкек шаарындагы  Свердлов районунун И.В.Гете атындагы №23 Окуу-тарбия комплекс — гимназиясы өзүнүн 70 жылдык мааракесин өткөрдү.

№23: 70 ЖАШТА

Мааракеге карата мектеп коллективи  жана окуучулар мектепти кооздоп, окуучулардын өз колдору менен жасалган кол эмгектерин көргөзмөгө коюшту жана чакан концерт уюштурушту. Мааракеге  Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Доктор Габриэла Геллил, Бишкек шаардык кенешинин депутаттарынын өкүлдөрү, Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, Свердлов райондук  Билим берүү борборунунун жетекчиси жана мектеп директорлору катышты.

№23: 70 ЖАШТА

— Келген ар бир коногубуз өздөрүнүн жылуу сөздөрүн, мектеп жамаатына карата каалоо-тилектерин билдирип, белектерди тапшырышты. Көп жылдык эмгеги үчүн гимназиянын мугалимдери, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын, Свердлов райондук билим берүү борборунун, Свердлов райондук администрациясынын жана  Бишкек шаардык Профсоюз комитетинин ардак грамоталары менен сыйланышты.  70 жылдык мааракеге гимназиянын жарым кылым мурун бүткөн бүтүрүүчүлөрү да келди.  Албетте, бардык бүтүрүүчүлөр келип катыша алышкан жок, бирок  алардын кээ бирлери  видео аркылуу гимназиябызды куттукташты. Алар арадан көп жылдар өтсө да  гимназиянын гимнин унутпастан  ырдап, мектеп жөнүндөгү жакшы элестерин жана  кийинки муунга кеп-кеңештеринен айтып беришти, — дейт мектеп жетекчиси А.Жолчиева.

Г.А., “КБ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер