БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 22.07.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасынын долбоору талкууланды. Талкууга министрликтин жетекчилиги жана көрүнүктүү коомдук ишмерлер, билим берүү жаатындагы эксперттер катышышты.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Документти иштеп чыгууга жигердүү катышкан министрдин коомдук кеңешчиси профессор Бактыбек Исмаиловдун белгилешинче, талкууга чыгарылган документ министрдин үч жылдык программасы болуп саналат.

Программа «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана мурда кабыл алынган «2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы», «2012-2020-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы», «Кыргыз Республикасынын орто жалпы билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты» (2014-ж.), «2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясы» сыяктуу документтердин негизинде иштелип чыккан.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Программанын максаты:

— Кыргызстандын элдеринин руханий жана маданий баалуулуктарын, алардын улуттук иденттүүлүгүн жана өзүнчөлүгүн сактоону жана чагылдырууну;

— ички жана тышкы чакырыктарга ийкемдүү мамиле жасай турган башкаруунун майнаптуу механизмдерин түзүүнү;

— полимаданий коомдун билим берүү боюнча суроо-талаптарын жана муктаждыктарын сапаттуу канааттандырууну;

— Экономиканын ийгиликтүү өнүгүүсүн жана Кыргызстандын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууну камсыздай турган бир бүтүн, ийкемдүү, ачык жана динамикалуу өнүгүп жаткан улуттук билим берүү системасын өнүктүрүү жолдорун аныктоо болуп саналат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер