“2020-ЖЫЛДАГЫ КМШНЫН МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРИН” СЫЙЛОО АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

  • 18.11.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде “КМШнын мыкты студенти-2020” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Жеңүүчүлөрдү билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев куттуктады.

“2020-ЖЫЛДАГЫ КМШНЫН МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРИН” СЫЙЛОО АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

Долбоордун негизги максаты жаш окумуштуулардын инновациялык долбоорлорун аныктоо болду. Ошондой эле, КМШдагы бардык ЖОЖдордун ичинен илимий-изилдөө иштеринде, чыгармачылыкта, студенттик башкармачылыкта, спортто жана билим берүү тармагын өнүктүрүү аянтчаларын түзүүдө, КМШ өлкөлөрүнүн студенттик кызматташуусун калыптандырууда өзгөчөлөнө алган студенттерди аныктоо жана мындан аркы ийгиликтерге шыктандыруу дагы долбоордун максаттарынын бири.

“2020-ЖЫЛДАГЫ КМШНЫН МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРИН” СЫЙЛОО АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

Аталган конкурска  КМШ өлкөлөрүнөн 600 арыз ташталган. Кыргызстандан 70 студент катышып, алардын 24ү “КМШнын мыкты студенти” аталган.

“2020-ЖЫЛДАГЫ КМШНЫН МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРИН” СЫЙЛОО АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

“КМШнын мыкты студенти-2020” эл аралык долбоору 2020-жылдын март айында башталган. Долбоор “Бобек” жалпы улуттук кыймылы жана КМШ жаш окумуштуулар ассоциациясы тарабынан уюштурулган.

“2020-ЖЫЛДАГЫ КМШНЫН МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРИН” СЫЙЛОО АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

 

Мыкты студенттердин аты-жөнү:

  1. Таалайбекова Махабат Таалайбековна
  2. Бекбоева Жылдыз Максатбековна
  3. Асанова Айдай Куватбековна
  4. Мааткабылова Адина Мукамбетовна
  5. Акбаралы уулу Ыманкадыр
  6. Чоткараев Шергазы Нурханович
  7. Джолдошбекова Алтынай Джолдошбековна
  8. Сармамбетова Айдана Бейшенбаевна
  9. Жанышбекова Сайкал Жанышбековна
  10. Жумабекова Айдана Жумабековна
  11. Нурдинова Бурулкан Маматаировна
  12. Анарбекова Бегимай Анарбековна
  13. Нурболотов Марсель Кансултанович
  14. Масалбеков Нуркалый Исланбекович
  15. Мыктыбекова Мээрим Мыктыбековна
  16. Абдимиталип уулу Баястан
  17. Серкебаева Калия
  18. Асанбаев Акоша Исрайилович
  19. Сагынбаева Айгерим Бакытбековна
  20. Акылбекова Анжелика Акылбековна
  21. Болотова Айнура Нурланбековна
  22. Жаныбек кызы Айзирек
  23. Бекназаров Жакшылык Бекназарович
  24. Жапарбекова Сезим Мирлановна

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер