№20 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯГА ГЕЙДАР АЛИЕВДИН ЫСЫМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

  • 12.10.2022
  • 0

№20 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯГА ГЕЙДАР АЛИЕВДИН ЫСЫМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 12-октябрда, Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназиясына Гейдар Алиев ысымын ыйгаруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев катышты.

№20 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯГА ГЕЙДАР АЛИЕВДИН ЫСЫМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргызстанда мектепке ысым ыйгаруу эки тараптуу мамилелердеги орчундуу окуя экенин белгиледи. Айтмында, ал эки элдин бекем достугун жана өлкөлөр ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты айгинелейт. Анын пайдубалы эл аралык даражадагы тарыхый инсан, Азербайжандын улуттук лидери, урматтуу Гейдар Алиевич Алиев тарабынан түптөлгөн.

Ал мектепке Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин, анткени бул масштабдуу инсанда Азербайжандын эле эмес, башка элдердин да үмүтү жана тилеги топтолгондугун баса белгиледи.

«Ал ким болбосун, республиканын Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болобу, же езүнүн кичи мекени — Нахичеванда болсун — Гейдар Алиевич өз доорунун көрүнүктүү өкүлү, кылдат жана ойчул, жаратман, даанышман адам болгон. Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү катары СССР Министрлер Советинин Төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп турганда Гейдар Алиев СССРдин экономикалык, социалдык жана маданий турмушунун маанилүү багыттарын жетектеген. Анын бай саясий жана мамлекеттик тажрыйбасы, элдин таламдарын коргоодогу бекемдиги жана ак ниеттүүлүгү, акылмандыгы жана бийик адамдык сапаттары Азербайжандын чегинен тышкары жерлерде да адилеттүү түрдө урмат-сыйга ээ болгон. Ал элибизге болгон жылуу мамилеси, колдоосу, катышуусу менен бизге, кыргызстандыктарга жакын”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

№20 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯГА ГЕЙДАР АЛИЕВДИН ЫСЫМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Мамлекет башчысы келечекте бул мектептен Гейдар Алиев сыяктуу инсандар чыгат деген ишенимин жана жаш мекендештер бир тууган эки элдин жана өлкөлөрдүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын бекем көпүрөсү болуп каларына ишенерин билдирди.

Гейдар Алиевдин: «Коомубуздун келечектеги прогресси көбүнесе биз бүгүн жаштарды эмнеге жана кантип үйрөтө турганыбызга жараша болот», — деген сөзүн эске салып, Мамлекет башчысы өлкөнүн жаш муунун тарбиялоо дайыма көңүл борборунда экенин белгиледи.

«Бул табигый көрүнүш, анткени ар бир мамлекеттин бүгүнкүсү жана келечеги сапаттуу билимге, алган билимин коомдун жыргалчылыгы үчүн колдоно билүүсүнө түздөн-түз байланыштуу», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Ильхам Алиевге достуктун, тилектештиктин жана колдоонун бийик байланыштарына жеке берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Мунун аркасында эки тараптуу мамилелер бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтүү өнүгүп эле тим болбостон, таптакыр жаңы деңгээлге чыгууда.

Садыр Жапаров быйылкы жылы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелер активдешип, стратегиялык өнөктөштүктүн таптакыр жаңы деңгээлине чыкканын канааттануу менен баса белгиледи.

№20 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯГА ГЕЙДАР АЛИЕВДИН ЫСЫМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Андан соң, өлкө лидерлери мектептин залдарын жана класстарын кыдырып чыгышты. Класстарды көрүү учурунда Ильхам Алиев футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылды.

Өлкө лидерлери мектептин ашканасында башталгыч класстын балдары менен эртең мененки тамакта баарлашып, алар менен мектептин тамагынан даам сызышты.

Ардактуу меймандар үчүн мектептин окуучулары Кыргызстан менен Азербайжандын достугун чагылдырган ырларды окуп, ырдап, ошондой эле «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер