18 АДИСТИК БОЮНЧА БИР СТУДЕНТКЕ КАРАТА ЧЕНЕМДЕР ЭСЕПТЕЛДИ

  • 16.10.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 66-б буйругуна ылайык 2020-жылдын 1-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 8 колледждинде Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында ченемдик каржылоо апробацияланууда.

Ченемдик каржылоонун максаты  болуп адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана бөлүнгөн каражаттарды натыжалуу пайдалануу саналат.

Ченемдик каржылоо – бул колледждердин чыгымдарын аныктоонун жаңы механизми, мында колледждерди каржылоо студенттердин санына жана 1 студентке карата чыгымдардын ченемине жараша ишке ашырылат. (Акча студенттин артынан жүрөт деген принцип). 2020-жылга карата пилоттук колледждердин бюджети 1 студентке карата жана студенттердин санына жараша ченем боюнча эсептелген жана бекитилген.

1 студентке карата каржылоонун ченемдери 18 артыкчылыктуу адистик боюнча эсептелген жана персоналдын эмгек акысына, окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга, окуу материалдарына, имараттарды кармоо жана кезектеги оңдоп-түзөө иштерине карата чыгымдарды камтыйт.

Пилоттук колледждер ченемдик каржылоонун шарттарында чыныгы чарбалык өз алдынчалыкка ээ болушту, алар бекитилген бюджеттин алкагында өндүрүштүк зарылчылыкка жараша штаттарды өз алдынча түзүштү.

Ошондой эле ченемдик каржылоого өтүү пилоттук колледждерде кызматкерлердин эмгек ишмердигин мотивациялоо системасын киргизүүгө мүмкүндүк берди. Азыркы учурда 2020-жылдын 9 айы үчүн иштин жыйынтыктары боюнча көрсөтүлгөн кызматтардын натыйжалуулугу жана сапаты үчүн эмгек акынын дем берүүчү бөлүгү төлөнүп берилди.

Пилоттук колледждердин орточо эмгек акысы ишинин жыйынтыгына жараша орточо эсеп менен 5%дан 15%га чейин көбөйдү. Пилоттук колледждердин кызматкерлерине дем берүүчү эмгек акы фондунун эсебинен төлөмдөр кепилденген эмгек акы болуп саналбайт, аткарылган иштин жыйынтыгы боюнча белгиленет жана иштин сапатынан көз каранды болот. Кызматкердин натыйжалуулугун баалоо жолу менен кепилденген эмгек акысына карата эмгек акынын дем берүүчү бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө чечимди колледждин жамааты кабыл алат.

БИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер