1735 МЕКТЕПТЕ ЫСЫК ТАМАК

  • 19.10.2022
  • 0

18-октябрда БУУнун Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен түзүлгөн келишимдин алкагында Киров айылындагы жана Ысык-Ата районунун Кеңеш айылындагы орто мектептерде ысык тамактын уюштурулушу менен таанышуу максатында иш сапар уюштурулду.

1735 МЕКТЕПТЕ ЫСЫК ТАМАК

Ага Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, министрликтин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башкы адиси Бакыт Рысбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюму, Ысык-Ата районунун акими, айыл өкмөттүн өкүлдөрү жана мектеп директорлору барды.

Министр Мамбетакунов республика боюнча 1735 мектеп ысык тамак менен камсыз болгонун билдирди.
“Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоору 638, Мерсико уюму 510 мектепти колдоого алган. Мындан башка дагы 114 мектепти Мерсико, 49 мектепти Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы өз камкордугуна ала турган тургандыгын билдирди”, — деди министр.

1735 МЕКТЕПТЕ ЫСЫК ТАМАК

Иш сапардын жүрүшүндө катышуучулар Кеңеш, Буденовка жана Ысык-Ата районунагы Киров жалпы билим берүү орто мектептерине барышты. Мында мектептердеги ысык тамактын уюштурулушу менен таанышып, мектептеги тамак-ашты уюштуруунун көйгөйлөрүн жана аны жакшыртуунун келечегин талкуулашты.

Д.Зубков атындагы №1 жалпы билим берүү орто мектеп-гимназиясында 880ден ашуун 1-4-класстын окуучулары ысык тамак менен камсыздалган. Мында орто эсеп менен жумасына 3 жолу ысык тамак берилет. Ошондой эле күн сайын жаңы бышырылган таттуу токоч, компот же башка суусундуктар берилет.

2022-жылдын сентябрь айынан тарта Чүй облусундагы 62 мектеп Билим берүү жана илим министрлигинин “Мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу” программасы боюнча Россия Федерациясынын жана Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен ысык тамакка өткөн. Учурда бул мектептер 1-4-класстарды тамактандыруу боюнча жакшы тажрыйбага ээ.

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу боюнча программасы республиканын бардык 40 районунда ишке ашыры келет.
Бөлүшүү

Комментарийлер