КМТУ “BATKEN 4.0” ири хакатонун өткөрдү
- 21.04.2025
- 0
Кыргыз мамлекеттик техникалык университети аймактардагы санариптик өнүгүүнү колдоо жана инженердик-техникалык билимди жайылтуу максатында КМТУ “BATKEN 4.0” хакатонун өткөрүп, Баткен мамлекеттик университети менен “2+2” формасында биргелешкен билим берүү программасын баштоо тууралуу меморандумга кол койду.

Баткен шаарында «BATKEN 4.0: Аймактын өнүгүшүнө санариптик чечимдер» аттуу хакатондун финалдык этабы болуп өттү. Ал КМТУнун демилгеси менен Эл аралык байланыш бирикмеси, Германиянын эл аралык кызматташтык коомдугу (GIZ), Баткен мамлекеттик университети, Министрлер Кабинетинин алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик жана Geeks IT эл аралык академиясы менен тыгыз өнөктөштүктө өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты — жаштардын чыгармачыл потенциалын ачуу, аларга аймактык көйгөйлөрдү заманбап технологиялар аркылуу чечүүгө мүмкүнчүлүк берүү болду. Катышуучулар саламаттык сактоо, билим берүү, экология, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана социалдык ишкердик тармактарында инновациялык чечимдерин сунушташты.
«Аймактарда санариптик билимди өнүктүрүү — биздин негизги артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири. BATKEN 4.0 хакатону Баткен жаштарынын демилгелүүлүгүн, чыгармачылыгын жана санариптик чөйрөгө болгон кызыгуусун дагы бир жолу далилдеди», — деп баса белгиледи КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев.

КМТУ хакатондун бардык баскычтарында — идеялардын жаралышынан баштап, финалдык презентацияларга чейин — ментордук, техникалык жана уюштуруучулук жактан толук колдоо көрсөттү.
Хакатондун алкагында КМТУ менен Баткен мамлекеттик университетинин ортосунда «Маалыматтык технологиялар» багыты боюнча “2+2” моделиндеги биргелешкен билим берүү программасын ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Ага ылайык, студенттер биринчи эки жылын БатМУда окуп, кийинки эки жылын КМТУда улантышат. Программа академиялык мобилдүүлүктү жогорулатууга, сапаттуу кадрларды даярдоого жана жогорку окуу жайлардын ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташууну тереңдетүүгө багытталган.
Бул демилге — КМТУнун аймактык өнүгүүгө салым кошуу жана өлкөнүн бардык жаштары үчүн инженердик-техникалык билимди жеткиликтүү кылуу максатын көздөгөн узак мөөнөттүү стратегиясынын алкагындагы дагы бир маанилүү кадам болуп саналат.
Бөлүшүү
Комментарийлер