ЭЖЕ-СИҢДИНИН ИЙГИЛИГИ ЖАШТАРГА ҮЛГҮ

  • 10.06.2024
  • 0

ЭЖЕ-СИҢДИНИН ИЙГИЛИГИ ЖАШТАРГА ҮЛГҮ ЭЖЕ-СИҢДИНИН ИЙГИЛИГИ ЖАШТАРГА ҮЛГҮ ЭЖЕ-СИҢДИНИН ИЙГИЛИГИ ЖАШТАРГА ҮЛГҮ

 

 

 

 

 

 

 

Кечээ жакында Өзгөн шаарындагы №8 Курманжан-Датка атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Уланбекова Айжамал атактуу Кембридж университетинин англис тил Департаментинин эл аралык, миңдеген университет, ишкана мекемелер тааныган А2 сертификатына ээ болду. Болгондо да, мыкты жетишкендик менен!

Ушундай эле экзаменди анын сиңдиси Аймарал да жакында ийгиликтүү тапшырат деген ишеничтебиз. Бул көрсөткүч биздеги билим берүү системасынын жана балдарыбыздын потенциалы күчтүү экендигин далилдеп турат.

-Эгер, жаштар жогорудагы мисалдын кармандарынан үлгү алып, окууга, эл аралык деңгээлдеги билимди багындырууга умтулса, өлкөнү каптаган жумушсуздук, аз маяна өңдүү терс  көрүнүштөрдөн арылса болот. Эл аралык билим туурасында жалпы жонунан сөз кылганыбыз менен бул багыттагы көйгөйлөр жетиштүү. Анткени, андай билим кымбат турат жана узак убакытты талап кылат. Ошондуктан, өлкөдөгү жылына 4-5 миң доллар алып окуткан элиталык мектептер да, бул багытта, айрым гана мисалдарды келтире албаса, жалпы жетишкендиктен алыс. Аймактар туурасында сөз кылбай койсок да болот. Бирок жылыштар бар, -дейт  англис тили боюнча белгилүү адис Шайлообек Назаралиев.

Эмесе, биз да эки жаш жеткинчектин ийгиликтери менен  чын дилден куттуктап, алдыда дагы билим бийиктигин багындыра беришине тилектештигибизди билдиребиз.

М.ТОКТОРОВ

Сүрөттө: эже-сиңди Айжамал, Аймарал Уланбековалар

Бөлүшүү

Комментарийлер