ОшМУнун студенттери үчүн жаңы мүмкүнчүлүк

  • 08.01.2024
  • 0

ОшМУнун медицина факультетинин 4-5-6-курстарынын студенттери Түркиядагы Памуккале  университетинин ооруканаларынан такшалууга мүмкүнчүлүк алышат.

ОшМУнун студенттери үчүн жаңы мүмкүнчүлүк

Эки тараптуу келишимге ылайык, жай айларында медицина факультетинин студенттери эки жума Памуккале университетинин ооруканасына такшалууга (стажировка) барышат.

Программага катышуу үчүн студенттер түрк тилин В2 деңгээлинен жогору билүүсү керек. Кабыл алуу 2024-жылдан февраль айынан башталат.

ОшМУнун студенттери үчүн жаңы мүмкүнчүлүк

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков 2023-жылдын октябрь айында Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Памуккале университетинде болуп, академиялык мобилдүүлүк багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аталган университетте билим алып жаткан ОшМУнун студенттери менен жолугушкан.

Памуккале университетинде 16 факультет, алты институт жана 17 кесиптик лицей бар. Университет 90дон ашуун бакалавр, 150дөн ашуун магистрдик, 50дөн ашуун докторлук программалар боюнча медицина, инженерия, экономика, табигый жана коомдук илимдер, искусство, педагогика жана техникалык тармактар боюнча адистерди даярдайт.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер