15 ЖАШТАГЫ АЙБЕК БИЙ БОЮНЧА ИЙРИМ АЧТЫ

  • 11.07.2018
  • 0

Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылынын 15 жаштагы тургуну Айбек Олжобай уулу үч жылдан бери бийлеп, окуучуларга бийден сабак берип, көптөгөн кароо-сынактарга катышып келет. Ал Султанбек Райымбеков атындагы орто мектебинин 8-классын аяктады. Анын ырга шыктуу жан экенин өзүбүз күбө болдук.

15 ЖАШТАГЫ АЙБЕК БИЙ БОЮНЧА ИЙРИМ АЧТЫ

Жаш бийчинин айтымында, бийге кичинекей кезинен эле кызыгып, бийлей баштаган.

— Мен 7 жашымда Индиянын тасмаларын көп көрүп, каармандарды туурап, өз алдымча бийлей баштадым. 12 жашымда «Жаш талант» деген топту замандаштарым менен чогуу ачып, эки жылдан бери сынактарга катышып, ардак грамоталар менен сыйланып келебиз. Ошондой эле биз үч жыл мурун бий ийримин ачып, 9 жаштан 12 жашка чейинки окуучу кыздар менен балдарга бий үйрөтүп келүүдөбүз. Бийдин кыймылдарын интернеттен, клиптерден үйрөнөбүз, — дейт Айбек.

Жаш талант мындан тышкары ыр жазып, ырдоо боюнча сынактардан алдыңкы орундарды алып келет.

— Кичинекей кезимден эле ырдоого кызыгам. Музыка сабагынан берген Чынара эжейден туура ырдоону үйрөнүп, ал эми Сайрагүл эжеден аккордеон, ямаха, комуз черткенди үйрөнүп жатам. Ырдоо боюнча райондук, облустук сынактардан 1-орунга ээ болуп келсем, 2016-жылы республикалык сынактан 3-орунга татыгам. Учурда мектепте жана чоң иш-чаралардын ачылышында бийлеп жана ырдайм.

Мындан тышкары 12 жашымдан бери ар түрдүү темадагы ырларды жазып, сынактарга катышуудамын. Манас тууралуу ыр жазып, манасчылардын колунан диплом алгам. Келечекте дүйнөгө таанылган белгилүү ырчы болгум келет, — деди ал.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер