15-ЯНВАРДА МАТЕМАТИКА, ФИЗИКА, БИОЛОГИЯ, ХИМИЯ ЖАНА ИНФОРМАТИКА БОЮНЧА УЛУТТУК ОЛИМПИАДА БАШТАЛАТ

  • 12.01.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2022-окуу жылындагы Математика, физика, биология, химия жана информатика боюнча улуттук олимпиада башталганын маалымдайт.

Бул олимпиада Кыргыз Республикасынын командаларын түзүп, математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча эл аралык олимпиадаларга катышууга даярдоо максатында өткөрүлүүдө.

Олимпиада жыл сайын 4 этапта өткөрүлүп келет:

— I этап – январь. Онлайн.

— II этап – февраль. Онлайн.

— III этап – март. Офлайн.

— IV этап – апрель. Офлайн.

Олимпиаданын I этабы онлайн режиминде төмөнкү график боюнча өткөрүлөт:

— химия боюнча – 2022-жылдын 15-январы (саат 10:00дөн 13:00гө чейин), 16-январь (саат 10:00дөн 13:00гө чейин);

— физика боюнча – 2022-жылдын 22-январы (саат 10:00дөн 13:00гө чейин), 23-январь (саат 14:00дөн 17:00гө чейин);

— информатика боюнча – 2022-жылдын 22-январы (саат 14:00дөн 18:00гө чейин), 23-январь (саат 09.00дөн 13.00гө чейин);

— математика боюнча – 2022-жылдын 29-январы (саат 14:00дөн 18:00гө чейин), 30-январь (саат 09:00дөн 13:00гө чейин);

— биология боюнча – 2022-жылдын 29-январы (саат 10:00дөн 13:00гө чейин), 30-январь (саат 14:00дөн 17:00гө чейин).

I этапта окуган классына жана менчигинин формасына карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын бардык каалаган окуучулары катыша алышат. Окуучуларга бир нече предметтен олимпиадага катышуу укугу берилген.

Олимпиада тууралуу толугураак маалыматты төмөндөгү расмий сайттардан алууга болот:

— https://kstu.kg/olimpiada-po-fizike (физика);

— http://csk.kg/alternative/ (химия);

— https://imo.kg/ (математика);

— https://olympiads.kg/c/22/29 (информатика);

— https://www.olympiadleague.com/nbo (биология).

 

КР БИМ басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер